Баш көтөртпөй... Абдыкааров OPEN FC Гран-при мелдешинин финалына чыккан видео

© AFP / Douglas P. DeFeliceМушкер. Архив
Мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Жазылуу
Беттеш кечээ, 12-июнда, Россиянын Жигулевск шаарында өткөн OPEN FC 5 мелдешинин алкагында болду. Кыргыз мушкеринин кубаттуу соккуларынан кийин калыс беттешти токтотту.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Алимардан Абдыкааров OPEN FC уюмунун Гран-при мелдешинин финалына чыкты. Маалыматты менеджери Марат Бекмуратов өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Marat Bekmuratov (@mara_team_mng)

Эми Гран-принин финалы Кыргызстанда өтүп калышы мүмкүн.
Уюмдун эң жеңил салмак категориясында ат салышкан Абдыкааров финалда бразилиялык Матеус Сантосту нокаутка кетирип утту. Беттеш кечээ, 12-июнда, Россиянын Жигулевск шаарында өткөн OPEN FC 5 мелдешинин алкагында болду. Кыргыз мушкеринин кубаттуу соккуларынан кийин калыс беттешти токтотту.
Бир катар жергиликтүү спорттук пабликтер беттештин кыскача видеосун жарыялашты. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от MMA KYRGYZ (@mma_kyrgyz)

Бывший боец UFC Артем Лобов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
"Кыргыз Флойду" Самат кезектеги атаандашы менен жолукту
Буга чейин аталган уюмдун президенти Александр Гурьянов эгерде Алимардан Абдыкааров мелдештин финалына чыкса, финалдык таймашты Кыргызстанда өткөрүүгө даяр экенин билдиргенин аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына жазган.
Абдыкааров чейрек финалда азербайжандык тажрыйбалуу атлет Эльнар Ибрагимов менен октагонго чыгып, экинчи раундда сулата соккон. Атаандашы жерге кулаганда учурдан пайдаланып сокку жаадырган. Калыстын кийлигишүүсү менен беттеш токтотулуп, техникалык нокаут деп катталган болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0