Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш уюмунун рейтингинде 1-орунга чыкты

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова
Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
Тыныбекова акыркы мелдешине чейин 62 килограмм салмактагы балбандар арасында бешинчи орунда турса, азыр биринчиге жайгашты.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш уюмунун (UWW) рейтингинин сап башына чыкты. Бул тууралуу спорттук уюмдун сайтында жазылды.
Жаңы рейтинг Польшадагы эл аралык турнир жыйынтыкталгандан кийин жарыяланды. Бул мелдеште Тыныбекова алтын алган.
Эми балбан кыз 62 килограмм салмактагылар арасында биринчи орунда турат. Ага чейин тизмеде бешинчи болчу. Экинчиге венгриялык Марианна Шаштин, үчүнчүгө бразилиялык Лаис Нуньес жайгашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0