Россиядагы көк бөрү турнирин Москва командасы утуп алды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Федерации кок-бору КыргызстанаРоссияда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш
Россияда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.
Баш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды.
© Фото / пресс-служба Федерации кок-бору КыргызстанаРоссияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды
Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды
© Фото / пресс-служба Федерации кок-бору КыргызстанаБаш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды
Баш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды - Sputnik Кыргызстан
2/3
Баш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды
© Фото / пресс-служба Федерации кок-бору КыргызстанаТурнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты
Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты - Sputnik Кыргызстан
3/3
Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты
1/3
Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды
2/3
Баш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды
3/3
Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты
Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты. Көк бөрүнүн маанисин эл аралык аренада көрсөтүп берүү үчүн Москва, Иркутск жана Подольск шаарларындагы командалардын ар бирине экиден кыргызстандык көк бөрүчү кошулуп ойноду.
Жарым финалда Подольск командасы "Атуул" (Кыргызстан) менен беттешип, 12:2 эсеби менен 3-орунду ээледи. Ал эми финалдык беттеште Москва облусунун командасы Иркутскинин улакчыларын 4:1 эсебинде утуп, баш байгеге ээ болду.
Мындан тышкары, Москва командасынан Бообек Шекербек уулу турнирдин мыкты оюнчусу, Иркутскинин "Бойка" аттуу аргымагы мыкты ат наамына татыды.
Федерация кок-бору пригласила спортсменов на Иссык-Кульские игры. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Көк бөрү федерациясы евразиялык спортчуларды Ысык-Көл оюндарына чакырды
Сыйлоо аземине Көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Айбек Ажигулов жана Россия элдеринин ассамблеясынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Назиржон Абдуганиев катышкан.
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция аталган турнирге катышуу үчүн 12 улакчыны Москвага жөнөткөн.
Белгилей кетсек, спорттук иш-чара Россия жана Евразия элдеринин "Русский мир" дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлдү. Аны Спортту жана тынчтык маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча региондор аралык коомдук фонду, Россиянын Элдер ассамблеясы жана Кыргызстандын Көк бөрү улуттук федерациясы уюштурган.
Жаңылыктар түрмөгү
0