Кыргызстандын футболчу кыздары тажикстандык атаандаштарын утуп алды. Видео

© Фото / пресс-служба КФСКыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы тажикстандык атаандашын 3:0 эсеби менен утуп алды
Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы тажикстандык атаандашын 3:0 эсеби менен утуп алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Душанбеде өтүп жаткан турнирге беш команда катышып жатат. Эки оюндан кийин өлкөнүн курама командасы үчүнчү орунда.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы тажикстандык атаандашын 3:0 эсеби менен утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Бир топту Татьяна Казначеева киргизсе, эки гол Адинай Дүйшөбаевага таандык.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Бүгүн Кыргызстан менен Япониянын футболчулары беттешет. Көрсөтө турган каналдар
Борбор азиялык футбол ассоциациясынын чемпионаты (CAFA-2021) ушу тапта Душанбе шаарында өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Иран, Афганистан жана Тажикстандын командалары катышууда. Мелдеш айлампа системасы менен өтүп жатканы айтылды. Жеңүүчү команда чогулткан упайлардын эсеби менен аныкталат.
Ушу тапта кыргызстандык футболчу кыздар эки оюндун жыйынтыгы менен үчүнчү орунда турат. Буга чейин Өзбекстандын командасына 3:1 эсеби менен утулуп калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0