Жаш боксчулар Казакстандагы турнирден 8 медаль алып келди. Сүрөт
14:35 15.06.2021 (Жаңыртылды: 22:55 15.12.2021)
© Фото / Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спортаБокс боюнча өспүрүмдөр курама командасы Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште
© Фото / Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта
Жазылуу
Коңшу мамлекетте болгон турнирде кыргызстандык боксчулар үч алтын, эки күмүш жана үч коло алышкан. Спорттук иш-чара Актөбө шаарында өткөн.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Өлкөнүн бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасы Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште сегиз медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
© Фото / Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спортаӨлкөнүн бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасы Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште сегиз медаль жеңди
Өлкөнүн бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасы Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште сегиз медаль жеңди
© Фото / Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта
Мелдеш 8-13-июнь күндөрү Актөбө шаарында өткөн. Анда кыргызстандык боксчулар үч алтын, эки күмүш жана үч коло алды.
Биринчи орунга Бекзат Эргешов (46 кг), Алмаз Орозбеков (60 кг) жана Мухаммадазиз Закиров (70 кг чейин) татыган. Экинчини Ислам Имамидинов (54 кг) менен Вадим Баурин ( 66 кг), үчүнчүнү Баястан Токтосунов (50 кг), Бексултан Бактыбек уулу (52 кг) жана Асанбеков Атай (75 кг чейин) алган.