Беш коргоочу кирди. Японияга каршы ойночу КР курама командасынын курамы

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКыргызстандын футбол боюнча курама комадасынын оючулары беттеш учурунда
Кыргызстандын футбол боюнча курама комадасынын оючулары беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Бүгүнкү командага беш коргоочу, төрт жарым коргоочу жана бир чабуулчу кирди. Дарбазага жакында эле Японияга учуп барган Павел Матяш турат.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин япониялык футболчуларга каршы ойной турган команданын курамын аныктады.
Япониянын Суйта шаарындагы Panasonic стадионунда Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командалары 2022-жылкы дүйнө чемпионатына тандап алуу раундунун алкагында жолугушат. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 16:25те башталат.
Бүгүнкү командага беш коргоочу, төрт жарым коргоочу жана бир чабуулчу кирди. Дарбазага жакында эле Японияга учуп барган Павел Матяш турат.
Курам:
  • Павел Матяш — дарбазачы;
  • Кайрат Жыргалбек уулу, Айзар Акматов, Тамирлан Козубаев, Бахтияр Дүйшөбеков, Александр Мищенко — коргоочулар;
  • Фархад Мусабеков, Турсунали Рустамов, Гүлжигит Алыкулов, Алимардон Шүкүров — жарым коргоочулар;
  • Мирлан Мурзаев (капитан) — чабуулчу;
Маалым болгондой, коргоочулар Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев жана дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токотаев "сары" зонага алынгандыктан оюнга катышпайт.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан көрсөңүз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0