Тажикстандын командасы Мьянманы утуп, тайпада экинчи орунду ээледи

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФутбол оюн учурунда. Архив
Футбол оюн учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Бүгүн өлкөнүн курама командасы кирген тайпада акыркы оюндар болуп, Япония менен Кыргызстан жана Тажикстан менен Мьянма ойноду.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Тажикстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманы 4:0 эсеби менен утуп, 2022-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын тандоо турунун F тобунда экинчи орунду алды.
Белгилей кетсек, бүгүн аталган топто акыркы оюндар болуп, Япония менен Кыргызстан жана Тажикстан менен Мьянма ойноду. Кыргызстан менен Тажикстандын командасы экинчи орун үчүн бет келишпестен ат салышты. Бул тиешелүү бөлүштүрүүдө тандоонун кийинки баскычына чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Кыргызстан — Япония футбол оюну - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Кыргызстан — Япония оюну. Мелдештин голдору видеодо
Оюнга чейин өлкөнүн курама командасы кошумча көрсөткүчтөрү менен тажикстандыктардан алдыга озуп, экинчи орунда турган. Экинчи сапта калуу үчүн япониялыктар менен жакшы ойношу керек болчу. Тагыраагы, КР Тажикстан Мьянма менен мелдешкенден начар жыйынтык көрсөтпөшү керек эле.
Бирок "Ак Шумкар" япониялыктарга 5:1 эсеби менен утулса, тажикстандыктар мьянмалыктарды 4:0 упай менен жеңди.

Биздин тайпадагы абал

F тайпасында жалпы беш команда бар, алар бири-бири менен сегизден оюн өткөрдү.
Япония эң жогорку деген 24 упай топтоду. Эске сала кетсек, жеңген командага 3 балл кошулат, тең чыкса бир упай берилет.
  • Тажикстан — 13 упай;
  • Кыргызстан — 10 упай;
  • Монголия — 6 упай ;
  • Мьянма — 6 упай.
Жаңылыктар түрмөгү
0