КРдин футбол командасы өз тайпасынан экинчиге илинбей калды. Эми эмне болот?

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКыргызстандын футбол боюнча курама командасы
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Кыргызстан Япониядан утулгандан кийин дүйнө чемпионатына катышуудан кол жууду. Бирок Азия кубогуна катышууга мүмкүнчүлүгү бар.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына тандоонун экинчи турунда F тайпасында үчүнчү орунду алды. Мындан кийин эмне болорун талдадык.
Биринчиден, өлкөнүн командасы дүйнө биринчилигине тандоонун кийинки этабына өтпөйт. Анда бардык сегиз тайпанын жеңүүчүлөрү жана өз тайпаларында экинчи орун алган беш команда чыгат.
Кыргызстан — Япония футбол оюну - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Кыргызстан — Япония оюну. Мелдештин голдору видеодо
Экинчиден, "Ак шумкар" 2023-жылы боло турчу Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомо алуудан куру калды. Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө 12 команда ат салышат. Бул кайра эле жеңүүчүлөр жана экинчи орун алган командалардын тең жарымы болот.
Бирок бул Кыргызстан такыр эле Азия кубогунда ойнобойт дегенди билдирбейт. Ага катышуу үчүн өлкө кеминде алты оюн өткөрүшү керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0