Тажикстандын командасы Дүйнө чемпионатынын тандоо туруна өтпөй калды. Себеби

© AFP / JIJI PRESS / STRТажикстандын футболчулары Япон футболчулары менен беттеш учурунда
Тажикстандын футболчулары Япон футболчулары менен беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстандын командалары экинчи тандоо раундунда бир тайпада (F) болчу. Анда экинчи орунду Тажикстандын курама командасы алса, Кыргызстан үчүнчү орунга илинген.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Тажикстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы өтө турчу Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундуна өтпөй калды. Бул тууралуу Тажикстандын Футбол федерациясы кабарлады.
Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстандын командалары экинчи тандоо раундунда бир тайпада (F) болчу. Анда экинчи орунду Тажикстандын курама командасы алса, Кыргызстан үчүнчү орунга илинген. Үчүнчү раундга сегиз топтун жеңүүчүлөрү чыккан. Ошондой эле аталган раундда экинчи орунду алган мыкты беш команда да ойномок.
"Тажикстандын улуттук курама командасы 2022-жылы өтө турган Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турнирине катышпай калды. Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун үчүнчү раундуна чыгып, 2023-жылы өтө турчу Азия кубогуна жолдомо алуу үчүн курама команда үчүн төрт гол жетпей калды", — деп жазылат федерациянын маалыматында.
Кийинки этапка Сирия, Австралия, Иран, Сауд Аравиясы, Япония, БАЭ жана Түштүк Корея чыкты.
Экинчи орунду алган командалардын көрсөткүчтөрү:
  • Кытай — 13 упай;
  • Оман — 12;
  • Ирак — 11;
  • Вьетнам — 11;
  • Ливан — 10 (өз дарбазасына жана атаандашка кирген топтун айырмасы +3);
  • Тажикстан — 10 (өз дарбазасына жана атаандашка кирген топтун айырмасы — 1);
  • Өзбекстан — 9;
  • Кувейт — 8.
Жаңылыктар түрмөгү
0