Эркин күрөш боюнча курама команда Түркияда өтчү мелдешке катышат. Тизме

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүВольная и греко-римская борьба. "Гран-при Москвы 2020"
Вольная и греко-римская борьба. Гран-при Москвы  2020 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Спортчу жана машыктыруучулардын иш сапарын агенттиктин Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы каржылай турганы кошумчаланды.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Түркияда өтчү Yaşar Doğu аттуу эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, спорттук мелдеш 24-27-июнь күндөрү Стамбул шаарында болот.
Мелдешке катыша турчу балбандар:
  • Бекболот Мырзаназар уулу, 57 килограмм;
  • Алмаз Сманбеков, 57 килограмм;
  • Улукбек Жолдошбеков, 61 кг;
  • Тайырбек Жумашбек уулу, 61 кг;
  • Икромжан Хаджимурадов, 61 кг;
  • Эрназар Акматалиев, 65 кг;
  • Алибек Осмонов, 65 кг;
  • Айбек Токтогул уулу, 65 кг;
  • Ислам Орозбеков, 70 кг;
  • Саякбай Усупов, 79 кг;
  • Атай Изабеков, 79 кг;
  • Нуртилек Карыпбаев, 86 кг;
  • Дөөлөтбек Жамгырбек уулу, 92 кг;
  • Азамат Бекмырзаев, калыс;
  • Исламбек Тазабеков, улук машыктыруучу;
  • Сүймөнкул Таабалды уулу, улук машыктыруучу;
  • Русланбек Маджинов, башкы машыктыруучу.
Спортчу жана машыктыруучулардын иш сапарын агенттиктин Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы каржылай турганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0