Көк бөрү: президенттин кубогу мелдешине Афганистандын командасы катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү оюнчулары. Архив
Көк бөрү оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Афганистан тарап көк бөрү боюнча Кыргызстандан тажрыйба алууга кызыкдар экенин билдирип, машыктыруучуларды жиберүүнү суранган.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Август айында Кыргызстандын президентинин кубогуна арналган көк бөрү боюнча мелдешке Афганистандын командасы катышат. Бул тууралуу федерациядан билдиришти.
Кечээ улуттук федерациянын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков Афганистандын көк бөрү боюнча "Кандагар" командасынын жетекчиси Кайс Хасан менен сүйлөшкөн. Пикир алышуу Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги аркылуу уюштурулган.
"Сүйлөшүүдө ата-бабалардан калган мурастын уландысы катары көк бөрү оюнунун маанилүүлүгү талкууланды. Тараптар тажрыйба алмашуу жаатында эл аралык платформа түзүү жолу менен ат оюнун жайылтуу боюнча кызматташууга тилектештигин билдиришти", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын маданий мурастары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Кыргызстандын ЮНЕСКО тизмесине кирген маданий мурастары
Аскарбеков кыргыз тарап эки өлкөнүн командаларынын биргелешкен машыгууларын өз жеринде уюштурууга даяр экендигин белгилеген. Машыгуулар ат оюнун эл аралык аренада өнүктүрүү, ошондой эле башка чет элдик спортчуларга тажрыйба берүү максатында өткөрүлөт. Башкы катчы, мындан сырткары, чыныгы көчмөндөрдүн оюнун тай казан менен ойноп, аны өркүндөтүү үчүн колизей формасында ат майдан куруу пландалганын кошумчалады.
Өз кезегинде Афганистан тарап Кыргызстандан тажрыйба алууга кызыкдар экенин билдирген.
"Көк бөрү оюнун өнүктүрүү үчүн биз Кыргызстан менен кызматташуу меморандумуна кол коюуга даярбыз. Ошондой эле тажрыйба алуу максатында кыргыздын көк бөрү боюнча машыктыруучуларын жиберүүнү суранабыз", — деген Кайс Хасан.
Президенттин кубогуна арналган эл аралык мелдеш Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында август айынын аягында өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0