Евро-2020: чейрек финалда ойноочулар аныкталды. Беттештердин расписаниеси

© REUTERS / CATHERINE IVILLАнглиялык футболчу Гарри Кейн Лондондогу Уэмбли стадионунда экинчи голун белгилеп жатат
Англиялык футболчу Гарри Кейн Лондондогу Уэмбли стадионунда экинчи голун белгилеп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Европа чемпионатынын 8/1 финалдык баскычы Украина — Швеция беттеши менен жыйынтыкталды. Украина кошумча бөлүктө гол киргизип, 2:1 эсеби менен атаандашын утуп алды.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. 30-июнга караган түнү Украина курама командасынын Швецияны жеңип, футбол боюнча Европа чемпионатынын чейрек финалдык баскычындагы бардык жуптар аныкталды.
Европа чемпионатынын 8/1 финалык баскычы Украина — Швеция беттеши менен жыйынтыкталды. Украина кошумча бөлүктө гол киргизип, 2:1 эсеби менен утуп алды.
Эми чейрек финалда төмөнкү курама командалар ойношот:
  • Швейцария — Испания
  • Бельгия — Италия
  • Чехия — Дания
  • Украина — Англия
Беттештердин расписаниеси:
  • Швейцария — Испания 2-июлда Санкт-Петербург шаарында (Россия) ойнойт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.
  • Бельгия — Италия беттеши 2-июлда Германиянын Мюнхен шаарында 01:00дө башталат.
  • Чехия — Дания жубу 3-июлда Баку шаарында (Азербайжан) "Олимпийский" стадионунда ойнойт. Беттеш 22:00гө белгиленген.
  • Украина — Англия командалары 3-июлда Римдеги "Олимпико" оюн талаасында таймашка чыгышат. Беттеш түнкү саат 01:00дө башталат.
Эске салсак, Евро-2020 мелдеши былтыркы жылдын жай айында өтмөк. Коронавирус пандемиясына байланыштуу мелдеш 2021-жылга калтырылган. Оюндар 11-июнда Европанын бир катар шаарларында башталган. Мелдештин жарым финалдык оюндары 6-7-июлда Лондондо өтөт. Ал эми финалдык беттеш да 11-июлда Англиянын борборуна белгиленген.
Буга чейинки Евро-2016 мелдешин Португалия курамасы жеңген.
Жаңылыктар түрмөгү
0