Футбол: Евро-2020 мелдешинин жарым финалга чыккан командалары аныкталды

© REUTERS / ETTORE FERRARIАнглиянын курамама командасынын оюнчусу Джордан Хендерсон
Англиянын курамама командасынын оюнчусу Джордан Хендерсон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Жарым финалда Италия менен Испания, Дания менен Англия курама командалары беттешет. Оюндары 6-7-июлда Лондон шаарында  өтөт.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Футбол боюнча Европа чемпионатынын чейрек финалдык баскычы аяктап, жарым финалда ойноочу курама командалар аныкталды.
Түндө Англиянын курама командасы украиналыктарды 4:0 эсебинде утту. Ага чейин Дания Чехияны 2:1 эсеби менен жеңген болчу.
Кечээ өткөн чейрек финалда Испания беттештин жеңүүчүсүн аныктоочу пенальтилер сериясынан Швейцарияны уткан. Ага чейин Италия ишенимдүү оюн көрсөтүп, 2:1 эсеби менен Бельгияны мелдештен четтеткен.
Четвертьфинал Евро-2020 между Бельгией и Италией - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Евро-2020: жарым финалга чыккан алгачкы командалар белгилүү болду
Эми жарым финалдык жупта Италия – Испания, Дания – Англия курама командалары беттешет. Оюндары 6-7-июлда Лондондо өтөт. Матчтар Бишкек убактысы боюнча 01:00дө башталат.
Ал эми финалдык беттеш да 11-июлда Англиянын борборуна белгиленген.
Эске салсак, Евро-2020 мелдеши былтыркы жылдын жай айында өтмөк. Коронавирус пандемиясына байланыштуу мелдеш 2021-жылга калтырылган. Оюндар 11-июнда Европанын бир катар шаарларында башталган.
Буга чейинки Евро-2016 мелдешин Португалия курамасы жеңген.
Жаңылыктар түрмөгү
0