Хабиб Кыргызстанга качан келерин айтып, мелдешинин анонсун жарыялады

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүSynergy Global Forum в Москве. День первый
Synergy Global Forum в Москве. День первый - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Аталган лиганын турнири Кыргызстанда алгачкы ирет өтөт. Буга уюмдагы кыргызстандык мушкердин мыкты беттеш көрсөткөнү себеп болгон.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Eagle FC лигасынын Кыргызстанда өтө турган мелдешинин анонсун жарыялады. Instagram баракчасындагы постунда ал 3-августта Кыргызстанга келерин билдирген. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Khabib Nurmagomedov (@khabib_nurmagomedov)

Аталган лиганын турнири Кыргызстанда алгачкы ирет өтөт.
"Кыргызстан, 3-августта Eagle FC мелдешинен жолугушканга чейин…", — деп жазат промоушендин ээси.
Анда башкы беттеште лиганын учурдагы чемпиону Руслан Яманбаев чемпиондук наамын коргоо үчүн Бусурманкул Абдибаит уулу менен кез келет.
Лига кезектеги турнирин Кыргызстанда өткөрүүнү пландаганын промоушендин президенти Шамил Завуров март айында Россияда өткөн мелдеште айткан болчу. Буга лигадагы кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулунун татыктуу беттеш көрсөткөнү себеп болгонун билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0