Италия курама командасы Испания командасын Европа-2020 чемпионатынын жарым финалында жеңди

Италия Евро-2020нын финалына чыкты

128
(жаңыланган 10:07 07.07.2021)
Оюн Англиядагы "Уэмбли" стадионунда өтүп, негизги бөлүк 1:1 эсеби менен аяктаган. Жеңүүчү пенальти сериясынан соң аныкталды.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Италия курама командасы Европа-2020 чемпионатынын жарым финалында Испания командасын жеңип, алгачкы финалист болду. Оюн Англиядагы Уэмбли стадионунда өтүп, негизги бөлүк 1:1 эсеби менен аяктаган.

Беттештин 60-мүнөтүндө Федерико Кьеза гол киргизип, италиялыктарды алдыга алып чыкты. Негизги бөлүктүн бүтөрүнө 10 мүнөт калганда Альвара Мората гол киргизип, эсепти теңеди.

15 мүнөттөн берилген кошумча эки бөлүктө (жалпы 30 мүнөт) эсеп өзгөргөн жок. Жеңүүчү пенальтилер сериясынан соң аныкталган. Мында италиялыктар мыкты чыкты.

Эми Италия Евро-2020 мелдешинин финалында Англия — Дания жубунун жеңүүчүсү менен кез келет. Экинчи жарым финалдык оюн 8-июлга караган түнү 01:00дө башталат.

Европа биринчилигинин финалы 11-июлда Англиянын борбору Лондондо өтөт.

Буга чейинки Евро-2016 мелдешин Португалия курамасы жеңген.

128
Белгилер:
Италия, футбол, Евро-2020, мелдеш, жарым финал
Тема боюнча
Футбол: Евро-2020 мелдешинин жарым финалга чыккан командалары аныкталды
Нурдин Букуев футзал боюнча Дүйнө чемпионатынын оюндарын тейлөөгө чакырылды
Пневматикалык мылтыктан атуу боюнча Олимпиада чемпиону Жавад Форугхи

Укук коргоочулар ирандык мергенди Олимпиадалык алтын медалынан ажыратууга чакырат

541
(жаңыланган 16:51 30.07.2021)
Укук коргоочулар тобу Форугхини террордук уюмга мүчө деп айтышууда. Уюм ага алтын медаль ыйгаруу башка спортчуларды мазактаганга барабар деп эсептейт.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. United for Navid уюмунун укук коргоочулар тобу пневматикалык мылтыктан атуу боюнча Олимпиада чемпиону болгон ирандык Жавад Форугхини алтын медалынан ажыратууну талап кылып чыгышты. Бул боюнча алар Эл аралык олимпиада комитетине (ЭОК) кайрылганын Eurosport маалымат булагы жазды. 

Укук коргоочулар Форугхини террордук уюмга мүчө деп айтышууда.

41 жаштагы спортчу 10 метр аралыктан пневматикалык мылтыктан атуу боюнча 244,8 упай топтоп, олимпиадалык рекорд жаратып чемпион болгон.

"United for Navid укук коргоо уюму ирандык мерген Жавад Форугхиге олимпиаданын алтын медалын тапшыруу иран спорту үчүн эле эмес, бүтүндөй эл аралык коомчулук, өзгөчө ЭОК үчүн чоң катастрофа болот деп эсептейт. 41 жаштагы Форугхи бүгүнкү күндө да террордук уюмдун мүчөсү болуп саналат. Экстремистке олимпиаданын алтын медалын ыйгаруу башка спортчуларды мазактоо жана Эл аралык олимпиада комитетинин бетине көө жабат", — деп айтылат укук коргоочу уюмдун маалыматында.

Маалыматта United for Navid  жыл башында Олимпиада комитетине кат жолдоп, Олимпиадага баргандардын арасында Ирандын спорттук өкүлү катары аскер кызматкерлери, ал турсун саясатчылар да болушу мүмкүн экенин эскерткени айтылды. 

Эл аралык Олимпиада комитетинин расмий өкүлдөрү буга эч кандай чара көргөн эмес. United for Navid уюму бул боюнча ЭОКтун тез арада иликтөө жүргүзүп, Токио Олимпиадасы бүтө электе ага алтын медалды ыйгарууну токтотууга чакырган. Укук коргоо уюмунун кайрылуусу мекеменин расмий сайтына чыккан.

Форугхинин алтын медалы Ирандын тарыхындагы аталган спорт боюнча алгачкы Олимпиадалык алтын медаль болуп калды.

Жавад Ирандык олимпиада курама командасынын тарыхында жашы эң улуу медалист болду.

541
Белгилер:
ок атуу, мылтык, олимпиада, алтын, медаль, ажыратуу, шектүү, терроризм, Жавад Форугхи
Тема боюнча
Муун алмашып... Олимпиадада спорттун өзгөчө түрүн көрсөткөн аялдардын видеосу
Кыргызстанга чет жактан теракт жасаганы келген жан кечти колго түштү
Грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов. Архив

Эки күн калды! Жоламан, Акжол баштаган балбандар Токиодо машыгууда. Видео

124
(жаңыланган 12:17 30.07.2021)
Балбандар 1-августтан тарта күрөшүп баштайт. Учурда грек-рим күрөшүнөн лицензия алган төрт балбан Токиодо машыгуусун улантууда.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Олимпиадага катыша турчу грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Токиодо машыгуусун улантууда.

Балбандардын оюнга даярданып жаткан видеосун КРдин Күрөш федерациясынын социалдык тармактагы баракчасы чыгарды.

Анда атлеттер сырттагы спорттук аянтчада күрөштүн ыкмаларын кайталап жатканын көрүүгө болот.

Балбандар 1-августтан тарта күрөшүп баштайт.

Грек-рим күрөшүнөн лицензияны Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), Атабек Азисбеков (87 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) алган. Аларды башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев менен улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков коштоп барган.

124
Белгилер:
Кыргызстан, Токио, олимпиада, балбан, күрөш, видео
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Муун алмашып... Олимпиадада спорттун өзгөчө түрүн көрсөткөн аялдардын видеосу
Кунасов: бокс боюнча машыктыруучулардын, калыстардын айлыгы өтө аз
Жол кырсыгынан талкаланган унаа. Архив

Унаанын таш-талканы чыккан. Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

0
(жаңыланган 00:40 31.07.2021)
Жол кырсыгы кечке жуук катталган. Окуяда жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек. Милициянын Кайгуул кызматы толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Боом капчыгайында үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Жеринен тартылган видеону “Короче” телеграмм-каналы чыгарды. 

Окуя кечке жуук болгон. Кызыл-кочкул түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа каршы тилкени бөлүп турган бетон тосмого урунган. Жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек.

Видеодо көрүнүп тургандай, жеңил унаанын таш-талканы чыгып, жараксыз болуп калган.

Кырсык Боом капчыгайынын Ысык-Көл облусунун аймагында болгонун ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктап, толугураак маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

0
Белгилер:
жол кырсык, Боом капчыгайы, милиция
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ысык-Көлдө минивен аласалып кетти. Жеринен тартылган видео