Кыргызстандын желеги. Архивдик сүрөт

Токио Олимпиадасына барчу КРдин командасына ким капитан болору аныкталды

222
(жаңыланган 13:44 09.07.2021)
Атабек Азисбеков 2019-жылы Дүйнө чемпионатында бешинчи орунду камсыздап, өлкөдө биринчилерден болуп Токио оюндарына лицензия алууга жетишкен.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков Токио Олимпиадасына барчу Кыргызстандын улуттук командасынын капитаны болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.

"Мамлекет башчы Садыр Жапаров балбан Азисбековго Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш салтанатында көтөрүлө турган Кыргызстандын мамлекеттик туусун тапшырат", — деп айтылган аталган федерациянын маалыматында.

Токио Олимпиадасынын расмий ачылышы 23-июлда Токио шаарындагы улуттук стадиондо өтүп, ал 8-августка чейин созулат.

Жайкы Олимпиада оюндары 2020-жылы өтмөк, бирок коронавирус пандемиясынан улам ал быйылкы жылга калтырылган болчу.

Эске салсак, төрт жылда бир өтүүчү эң ири спорттук мелдешке Кыргызстандан 18 спортчу жолдомо алган. Тагыраагы, күрөш боюнча тогуз, жеңил атлетика боюнча төрт, ошондой эле оор атлетика, дзюдо, фехтование, ок атуу, сууда сүзүү боюнча бирден лицензия бар.

Атабек Азисбеков 2019-жылы дүйнө чемпионатында бешинчи орунду камсыздап, өлкөдө биринчилерден болуп Токио оюндарына лицензия алууга жетишкен.

222
Белгилер:
желек, капитан, курама команда, Кыргызстан, Токио, грек-рим күрөшү, Атабек Азисбеков
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (107)
Тема боюнча
Кыргызстандык дагы бир балбан Токио Олимпиадасына жолдомо алды
Кыргызстандык окуучу информатика боюнча дүйнөлүк олимпиадада коло медаль алды
Сыймык! Бегалиевди таптаган Ахметов Олимпиада оюндарында рефери болот
Кыргызстандын атынан алгачкылардан болуп мылтык менен ок атуу мелдешине катышкан Каныкей Кубанычбекова

Жыйынтык көрсөтө албай калдым. Каныкей Кубанычбекованын Токиодон кайрылуусу. Видео

360
(жаңыланган 21:26 24.07.2021)
Кубанычбекова 10 метр аралыктан пневматикалык мылтык менен ок атуу боюнча жарышка чыгып, финалдык этапка өтпөй калды.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Олимпиада-2020 оюндарында Кыргызстандын атынан алгачкылардан болуп мылтык менен ок атуу мелдешине катышкан Каныкей Кубанычбекова Токиодон мекендештерине кайрылды. Спортчу кыздын кайрылуусун Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Instagram баракчасына чыгарды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Өз сөзүндө бул кадам Олимп оюндары кийинки ийгиликтерине жол ачат деген ишенимин билдирди.

"Бүгүн алгачкы ирет олимпиадалык мелдешке катыштым. Жакшы деңгээлде өттү. Мен, тилекке каршы, буга чейин көрсөтүп келген жогорку жыйынтыгымды Олимпиада мелдешинде кайталай албай калдым. Ири жетишкендиктерди камсыздоого даярданган болчумун, эмнегедир жыйынтык көрсөтө албадым. Алгачкы Олимпиадамдан чоң тажрыйба алдым. Мен үчүн алдыдагы мелдештерге жаңы мотивация болду", — деген ал.

Мерген кыз ошондой эле Кыргызстандын элине кайрылып, ар тараптуу колдоолорду сезип турганын айтып, ыраазычылык билдирди.

Кубанычбекова 10 метр аралыктан пневматикалык мылтык менен ок атуу боюнча жарышка чыгып, финалдык этапка өтпөй калган.

360
Белгилер:
олимпиада, Токио, ок атуу, Каныкей Кубанычбекова
Тема боюнча
Кыргызстандык суучул Петрашов Олимпиадада 27-орунду ээледи
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов. Архивдик сүрөт

Кыргызстандык суучул Петрашов Олимпиадада 27-орунду ээледи

123
(жаңыланган 19:24 24.07.2021)
Кыргызстандык атлет үчүн Олимпиада мелдеши аяктаган жок. 27-июлда ал брасс ыкмасында 200 метр аралыкка сүзүүдө жарышка чыгат.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Токиодогу Олимпиада-2020 оюндарында 100 метрлик аралыкка брасс ыкмасында сүзүү жарышында жеке рекордун жаңыртты. Бирок бул ага мелдештин жарым финалына чыгуусуна жардам бере алган жок.

Спорттун бул түрүнөн бүгүн жалпысынан 49 суучул ат салышкан. Петрашов төртүнчү жарышта таймашка түшүп, 100 метрге брасс ыкмасында 1 мүнөт 0,23 секундада келди.

Бул көрсөткүч менен кыргызстандык спортчу 27 орунду ээледи. Кыргызстандык атлет үчүн Олимпиада мелдеши аяктаган жок. 27-июлда ал брасс ыкмасында 200 метр аралыкка сүзүүдө жарышка чыгат. 

123
Белгилер:
Олимпиадалык оюндар, Токио, суучул, Денис Петрашов
Тема боюнча
Токио: биринчи медалдар ойнотулду. Кыргызстандык Кубанычбекова орунга илинген жок
Шахта. Архивдик сүрөт

Тажикстан: Исфарадагы көмүр шахтасында жарылуу болду, каза тапкандар бар

0
(жаңыланган 00:28 25.07.2021)
Алдын ала берилген маалыматта, бир адамдын көз жумуп, дагы сегиз кишинин жарадар болгону айтылды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Тажикстандын Согду облусуна жакын жердеги Исфара көмүр шахтасында катуу жарылуу болгондугун Sputnik Тажикстан жазды. 

Кырсык Согду облусундагы Шураб аймагынын жанындагы кенде болгон.

"Шураб" шахтасындагы жарылуу газдын чыгышынан улам болгонун айтышты", — деди Исфара мэриясынын маалымат катчысы Зубайдулло Шомадов.

Алдын ала берилген маалыматка таянсак, бир адам каза таап, дагы сегиз киши жаракат алган.

Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери, куткаруучулар жана дарыгерлердин жүргөнү айтылды.

Шураб кени Тажикстандын түндүгүндөгү эң ири кендердин бири. Ал Түркстан кырка тоолорунун этегинде жайгашкан. Бул жерден алынган көмүрдү негизинен медициналык жана билим берүү жайлары колдонот. Бийликтин билдиргенине караганда, мындай кырсык ондогон жылдардан бери болгон эмес.

0
Белгилер:
жарылуу, шахта, көмүр, Тажикстан
Тема боюнча
Дубайда катуу жарылуу болду. Видео