Дастин Порье менен Конор МакГрегор UFC 264 мелдеши учурунда

Дастин Порье утту. Конор Макгрегор бутун сындырып алган видео

8822
(жаңыланган 10:58 11.07.2021)
UFC уюмунун жеңил салмактагы экс-чемпиондору Дастин Порье менен Конор Макгрегор UFC 264 мелдешинин башкы беттешинде кез келди. Таймаш АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Дастин Порье Конор Макгрегорду экинчи ирет утуп алды. Ирландиялык мушкер бутун кызыл ашыктын үстүнөн сындырып алып, беттеш мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

​UFC уюмунун жеңил салмактагы экс-чемпиондору Дастин Порье менен Конор Макгрегор UFC 264 мелдешинин башкы беттешинде кез келди. Таймаш АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү.

​Бул уюмдун жеңил салмактагы атактуу мушкерлеринин үчүнчү беттеши болду. Алгач 2014-жылы Конор Порьени нокаут менен уткан. UFC атлеттери быйыл 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында кармашып, анда америкалык мушкер ирландиялыкты таймаштын экинчи раундунда сулата чаап жеңип алган. Муну менен Макгрегор карьерасында алгачкы ирет нокаутка түшүп жеңилген.

Дастин Порье жеңил салмактагылар дивизионунда рейтинг боюнча биринчи катарда, ал эми Конор Макгрегор бешинчи сапта болгон.

8822
Белгилер:
Дастин Порье, Конор Макгрегор, UFC, мелдеш
Тема боюнча
Муунтуп утуп алды. Казакстандык Жумагуловдун UFC уюмундагы жеңишинин видеосу
Хабиб Кыргызстанга качан келерин айтып, мелдешинин анонсун жарыялады

Устат Изабеков Токиодо намыска жараган кыздарын канатына калкалап... Фотофакт

5
(жаңыланган 19:17 05.08.2021)
XXXII жайкы Олимпиададан күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова мелдештен кийин Токио шаарында түшкөн сүрөтүн Facebook баракчасына чыгарды.
XXXII жайкы Олимпиададан күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова, коло медаль алган Мээрим Жуманазарова жана алардын машыктыруучсу Нурбек Изабеков
© Фото / Нурпери Садырбекова

Анын ичинен коло медаль алган Мээрим Жуманазарова жана машыктыруучу Нурбек Изабеков үчөөнүн сүрөтү көпчүлүктү суктандырууда. Жаңы тарыхты жазган балбандар устатын ортого алып, ал эми Изабеков кыздарын канатына калкалап түшкөн.

Тыныбекова кечээ Токио Олимпиадасында кыз-келиндер күрөшү боюнча финалдык беттеште бир упайлык айырма менен жеңилип экинчи орунду ээлеген. Ал эми Жуманазарова Кыргызстандын куржунун коло медаль менен толтурду. Муну менен алар эгемен тарыхта кыз-келиндер арасында Олимпиададан медаль алган алгачкы спортчу болуп калышты.

Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада 23-июлда башталган. Олимп оюндары 8-августта аяктайт.

5
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, Нурбек Изабеков, Мээрим Жуманазарова
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Олимпиада: эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев индиялык спортчу менен кармашат
Олимпиада: Кыргызстан медаль боюнча Борбор Азияда алдыңкы сапка чыкты
Айаал Лазарев Олимпиаданын коло байгеси үчүн таймашат
Кыргызстандык балбан кыздар Олимпиададан эки медаль менен кайтты. Сүрөт
Спортчу Айсулуу Тыныбекова

Кыргызстандык балбан кыздар Олимпиададан эки медаль менен кайтты. Сүрөт

64
(жаңыланган 18:33 05.08.2021)
Тыныбекова кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирип, машыктыруучулары жана спортчу кыздар менен Токиодо түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Олимпиада-2020 мелдешиндеги сапары карыды. Бул тууралуу спортчу Айсулуу Тыныбекова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Олимпиада оюндарындагы мелдештери аягына чыкты. Бардыгыңыздарга колдооңуздар жана сүйүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деп жазган спортчу.

Кыргызстандык балбан машыктыруучулары жана спортчу кыздар менен Токиодо түшкөн сүрөттөрүн да жарыялаган.

Эске салсак, Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынса, Мээрим Жуманазарова коло байге жеңген.

64
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, күрөш, балбан, олимпиада, сүрөт
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт
Кылкылдап, аянтка батпай. Айсулуунун мелдешин көрүүгө чогулган элдин сүрөтү