UFC жеңил салмактагы экс-чемпиону, россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов. Архив

"Жакшылык жамандыкты жеңет". Хабиб Конор утулган беттешке пикир билдирди

764
Биринчи раунддун аягында ирландиялык атлет бутун сындырып алып, беттешти уланта албай калды. Мелдеш АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) жеңил салмактагы экс-чемпиону, россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов америкалык Дастин Порьени ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду утушу менен куттуктады. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазганын Р-Спорт билдирди.

​Мушкерлер АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 264 мелдешинин башкы беттешинде таймашкан.

Биринчи раунддун аягында ирландиялык атлет бутун сындырып алып, беттешти уланта албай калган.

"Жакшылык жамандыкты ар качан жеңет. Порье үчүн кубанычтамын. Дастин, жыл аягында сен чемпиондук курду тагынасың деген үмүттөмүн», — деп жазды Нурмагомедов.

Бул уюмдун атактуу мушкерлеринин үчүнчү беттеши болду. Алгач 2014-жылы Конор Порьени нокаут менен уткан. Атлеттер быйыл 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында кармашып, анда америкалык мушкер ирландиялыкты таймаштын экинчи раундунда сулата чаап жеңип алган. Бул Макгрегордун карьерасындагы алгачкы ирет нокаутка түшүп жеңилгени болгон.

Убагында UFC уюмунун бир учурда эки салмакта чемпиону болгон Макгрегор карьерасында 28 беттешке чыгып, 22 ирет уткан. Алты жолу жеңилген. Ал эми америкалык Порье 34 таймаштын 28инде жеңүүчү болгон.

764
Белгилер:
мелдеш, UFC, Конор Макгрегор, Дастин Порье, Хабиб Нурмагомедов
Тема боюнча
UFC 264: көз караштар таймашында Макгрегор Порьени тээп сала жаздады. Видео
Хабиб Нурмагомедовдун турнири Чолпон-Атадагы ат майданда өтөт
Мушкерлер мелдеш учурунда. Архив

Кыргызстандык эки балбан кадеттер арасында дүйнө чемпиону болушту 

277
(жаңыланган 00:14 26.07.2021)
Будапештте өткөн дүйнө чемпионатында алтын алган спортчулардан сырткары дагы бир балбан коло медалга татыды. 

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Раззак Бейшекеев менен Нуристан Сүйөркулов грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү болушту. Бул тууралуу Күрөш боюнча дүйнө бирикмесинин расмий сайтына жарыяланды. 

Күрөш боюнча дүйнө биринчилиги Будапештте өтүп жатат (Венгрия). 

Сүйөркулов 51 килограмм салмак категориясында алтын алды. Ал Венгриянын, Россиянын жана Грузиянын балбандарын жеңип финалга чыккан. Ал эми чечүүчү беттеште украиналык Юрий Товтту 3:1 эсеби менен утту. 

Раззак Бейшекеев болсо 60 килограмм салмак категориясы боюнча алтын медаль тагынды. Ал финалга чыгыш үчүн Казакстандын, Германиянын жана Индиянын балбандарын жеңди. Ал эми алтын үчүн ирандык атлет менен кармашып, 4:1 эсеби менен утуп алды. 

Нурболот Бердикулов 45 килограммга чейинки балбандар арасында коло медалга татыды.

277
Белгилер:
күрөш, балбан, спорт, Кыргызстан
Тема боюнча
Олимпиада: кыргызстандык Петров фехтованиеде экинчи турда утулуп калды. Видео  

Лас-Вегаста өткөн UFC турниринин эң кызыктуу учурлары. Видео

406
Кечээ Лас-Вегаста UFC on ESPN 27 шоусу өтүп, негизги беттешке уюмдун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Ти Жей Диллашоу менен Кори Сэндхаген чыкты.

UFC уюму YouTube каналына аталган турнирдин кызыктуу учурларын жарыялады. 

Диллашоу менен Сэндхагендин кармашы беш раундга созулуп, натыйжада экс-чемпион калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылды. 

Андан башка маанилүү беттеште Раулиан Паива Кайлер Филлипсти утуп алды. Ал эми Даррен Элкинс Даррик Миннерди экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңди.  

Кыз-келиндер арасындагы беттеште Мэйси Барбер Миранда Мэверикти калыстардын чечими менен утту.

406
Белгилер:
Лас-Вегас, видео, жеңүүчү, раунд, беттешүү, мушкер, UFC
Тема боюнча
ММА: Ысык-Көлдө 1000ге чукул мушкер катышкан дүйнө чемпионаты өтөт
Ысык-Көлдүн жээгинде пенчак-силат боюнча эл аралык мелдеш өттү. Сүрөттөр
Кыргыз мушкери муштум менен урушкан Hardcore FC мелдешинде чейрек финалга чыкты
ӨКМ кызматкерлери. Архив

ӨКМ: акыркы суткада үч киши сууга чөгүп кетип, экөөнүн сөөгү табылды

0
(жаңыланган 11:30 26.07.2021)
Куткаруучулар каза тапкандардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирөө Чоң Чүй каналына, экинчиси Киров суу сактагычына чөгүп кеткен.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада сууга үч киши чөгүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кечээ, 25-июль күнү, Бишкектеги Чоң Чүй каналында (БЧК) адамдын сөөгү жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган беш куткаруучу маркумду суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ошол эле күнү Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнө эркек киши түшүп кеткен. ӨКМ аны беш куткаруучу издеп жатканын, сөөк табыла электигин билдирди.

Ошондой эле Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Киров суу сактагычына 27 жаштагы эркек киши чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге барган үч куткаруучу саат 20:47де маркумдун сөөгүн суудан таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

0
Белгилер:
куткаруу, сууга чөгүү, милиция, ӨКМ
Тема боюнча
Бишкекте 5 жашар бала сууга чөгүп кетти