UFC: кыргызстандык Рафаэль Физиевдин кезектеги атаандашы аныкталды

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүКыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев. Архив
Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер акыркы беттешин нокаут менен уткан. Ал эми анын атаандашы соңку таймашында жеңилүү ызасын тарткан.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев 7-августта АКШнын Хьюстон шаарында өтүүчү мелдеште кезектеги беттешине чыгат. Бул тууралуу өлкөдөгү бир катар спорттук пабликтер жазып чыгышты. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от MMA KYRGYZ (@mma_kyrgyz)

Рафаэль Физиев америкалык Бобби Грин менен таймашат. "Атаман" каймана аты бар кыргызстандык мушкер акыркы жолу 2020-жылдын декабрында UFC 256 мелдешинде бразилиялык Ренато Мойкано менен беттешип, биринчи эле раундда нокаутка кетирип уткан.
Конордун сынган буту, Жалгастын жеңиши. UFC турниринин видео топтому - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Конордун сынган буту, Жалгастын жеңиши. UFC турниринин видео топтому
Грин соңку ирет өткөн жылы UFC Fight Night 181 мелдешинде бразилиялык Тиаго Мойзес менен таймашып утулган. Калыстар жеңишти бир добуштан анын атаандашына ыйгарышкан.
28 жаштагы Физиев ММА спортунда 10 беттешке чыгып, анын тогузунда жеңүүчү болгон. 2019-жылдын 20-апрелинде UFC лигасындагы дебюттук беттешинде россиялык Магомед Мустафаевге каршы чыгып, техникалык нокаут менен утулган.
Анын атаандашы Грин 39 таймаштын 27син утуп, 11 жолу жеңилген. Дагы бир беттешинде тең чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0