Голго да, автоголго да бай Евро-2020. Чемпионаттагы кызыктуу 10 факт

© AP Photo / Laurence GriffithsФинал Евро-2020. Италия — Англия
Финал Евро-2020. Италия — Англия - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Футбол боюнча 2020-жылдагы Европа чемпионаты аяктады. Анын финалында Италия менен Англия курама командалары беттешип, италиялыктар чемпион болду. Мелдеш айрым өзгөчөлүктөр, рекорддор менен коштолду.
Sputnik Кыргызстан жарыштагы кызыктуу фактыларды, статистикалык көрсөткүчтөрдү сунуш этет.

Евро-2020 мелдеши – тарыхтагы 16-чемпионат

Быйыл өткөн футбол боюнча Евро-2020 мелдеши чемпионаттын тарыхында 16ынчы болуп саналат. Эң алгачкы мелдеш 1960-жылы Францияда болгон. Анда СССР (Советтер Союзу) курама командасы финалдык беттеште Югославияны утуп чемпион аталган эле.

Италия экинчи жолку Европа чемпиону

Италия курама командасы Евро-2020 мелдешин утуп, тарыхта экинчи ирет континенттеги мелдештин жеңүүчүсү болду. Дүйшөмбүгө караган түнү өткөн мелдештин финалында Италия Англияны пенальтилер сериясынан утту. Команда буга чейин 1968-жылы өткөн мелдеште жеңүүчү болгон. Финалда алтын байге үчүн Югославия курама командасы менен таймашып, 2:0 эсебинде уткан. Ал чемпионат Италияда өткөн.

Европа мелдеши 11 шаарда өттү

Европа биринчилиги тарыхта алгачкы ирет континенттеги 11 шаарда: Лондон, Мюнхен, Рим, Баку, Санкт-Петербург, Бухарест, Амстердам, Севилья, Будапешт, Глазго жана Копенгаген калааларында өттү. Жарым финалдык беттештер жана мелдештин жеңүүчүсүн аныктаган финал Лондондо болду.

Евро-2020 – тарыхта эң көп гол катталган мелдеш

Бул мелдеш Европа чемпионаттарынын тарыхында эң көп гол киргизилген турнир болуп калды. 24 команда катышып, толук бир айга созулган жарышта бардыгы болуп 142 гол катталды. Алгачкысын түрк коргоочусу Мерих Демирал өз дарбазасына киргизип баштаса, финалда италиялык Леонардо Бонуччи киргизген гол менен эсеп 142ге жетти.
Буга чейин 108 голго жеткен рекорд Евро-2016 мелдешинде катталган (мында пенальтилер сериясындагы голдор эсепке киргизилбейт).
Турнирдин ичиндеги беттештерде эң көп гол 8/1 финалда Испания — Хорватия беттешинде киргизилди. Мында испаниялыктар экстра-таймда 5:3 эсебинде утуп алды. Жалпысынан бир матчта күйөрмандар сегиз гол көрдү.

Автоголго бай чемпионат

Евро-2020 мелдеши автоголго (өз дарбазасына гол киргизүү) бай турнир болду. Мелдеште автогол менен эсеп ачылды. Евро-2020нын ачылышындагы Италия — Түркия беттешинде түркиялык коргоочу Мерих Демирал өз дарбазасына гол киргизип алды. Мындай жагдай чемпионаттын тарыхында биринчи жолу катталды.
Жалпысынан мелдеште 11 автогол болуп, тарыхта жаңы рекорд жаралды. Европа чемпионатынын 60 жылдык тарыхында буга чейин бардык мелдештерде жалпысынан тогуз автогол болгон.
Евро-2020да Демирал баштаган жолду Даниянын коргоочусу Симон Кьер жарым финалда Англияга каршы беттеште өз дарбазасына топ киргизип жыйынтыктады. Бул 11-автогол болду. Мелдеште Войцех Щенсны (Польша, дарбазачы), Матс Хуммельс (Германия), Лукаш Градецки (Финляндия), Рубен Диаш жана Рафаэл Геррейру (экөө тең Португалия), Юрай Куцка жана Мартин Дубравка (экөө тең Словакия), Педри (Испания) жана Денис Закария (Швейцария) автоголдордун авторлору болушкан.

Дарбазачы Доннарумма Евро-2020 мелдешинин эң мыкты оюнчусу

Европа-2020 чемпионатынын эң мыкты оюнчусу деп Италия курама командасынын дарбазачысы Жанлуиджи Доннарумма табылды. Ал команданын мелдештеги оюндарына баштан-аяк катышып, эки беттештеги пенальтилер сериясында топ тосту.
Доннарумма мындай наамга даниялык Петер Шмейхелден кийин татыган экинчи дарбазачы болду.

Криштиану Роналду мыкты бомбардир

Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду Евро-2020 мелдешинде беш гол киргизип, эң мыкты бомбардир болду. Ал тайпалык этапта Венгрия жана Германия командаларынын дарбазаларына экиден жана Францияга бир топ киргизген.
Эскерте кетсек, турнирде Чехиянын чабуулчусу Патрик Шик да беш гол киргизген. Роналдунун командалашына голго пас чыгарып берген артыкчылыгы эске алынып, мыкты деп табылды.

Мелдештин аксакал футболчусу 39 жашты таяган

Нидерланд курама командасынын дарбазачысы Мартен Стекеленбург Евро-2020 турниринин жашы эң улуу оюнчусу болуп калды. Мелдештеги акыркы оюнуна чыкканда толук 38 жашта болгон. Андан кийин шотландиялык дарбазачы Крэйг Гордон 38 жаш 173 күн, Португалиянын коргоочусу Пепе 38 жаш 116 күн, Түндүк Македониянын чабуулчусу Горан Пандев 37 жаш 330 күн болгон. Аксакал оюнчулардын бештигине россиялык коргоочу Юрий Жирков кирген. Ал оюнга чыккан күнү жашы 37 жаш 306 күнгө толгон.

Педри эң жаш оюнчу

Испания курама командасынын чабуулчусу Педри Гонсалес Лопес Евро-2020 мелдешинде эң жаш оюнчу болду. 18 жаштагы футболчу Европа мелдешинде алты беттеште ойноду.

Жоржиньо курама команда менен да, клуб менен да Европада жеңүүчү болду

Италия курамасынын жана лондондук "Челси" (Англия) футбол клубунун жарым коргоочусу Жоржиньо Фрелло бир эле жылда Европа чемпионатын жана УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешин уткан оюнчу болду.
Ал лондондук клуб менен Чемпиондор лигасында англиялык "Манчестер Ситини" утуп, Европадагы клубдар арасында эң абройлуу делген мелдеште жеңүүчү болгон.
29 жаштагы футболчу быйылкы сезондо "Челсиде" 43 оюнга чыкса, Италия курама командасы менен жети беттеште ойноду.
Жаңылыктар түрмөгү
0