Кошуна өлкөлөр олимпиадачыларына кандай форма тигип берди. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба НОК РКФорма команды Казахстана на Олимпийских играх в Токио
Форма команды Казахстана на Олимпийских играх в Токио - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Көпчүлүк өлкөлөр спортчуларынын кийимин желегине түспөлдөштүрүп тиктирген. Салтанаттуу жүрүштө кийген параддык формасын да спорттук стилге ыктап даярдаган. Башка мамлекеттердин олимпиадачыларынын экипировкасын Кыргызстандыкы менен салыштырып көрүңүз.
Кыргызстандык спортчулардын Олимпиадага кийип бара турчу параддык кийими талкуу жаратты. Социалдык тармактын колдонуучулары ал 2016-жылкы формадан айырмаланбай калганын белгилеп "спортук иш-чарага кайра-кайра эле чапан кийип бара береби" деп сындап жатышат. Аны менен катар эркектердин кийимине сакура гүлүнүн чапталышы нааразычылык жаратууда. Ошондой эле Кыргызстандын желеги түшүрүлбөй калганы да талкууга себепчи болду.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан кошуна жана жакынкы мамлекеттердин спортчулары Токио Олимпиадасында кандай форма кийип чыгарын көрсөтүүнү чечти. Эскерте кетсек, улуттук команданын азырынча параддык кийими гана тартууланды.

Кыргызстан

© Фото / пресс-служба НОК КРПарадная форма олимпийской сборной Кыргызстана
Парадная форма олимпийской сборной Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Парадная форма олимпийской сборной Кыргызстана
Улуттук олимпиада комитетинин билдиришинче, форма кыргыз улуттук жана япониялык элементтер менен айкалыштырылып жасалган. Башына ак калпак кийишет. Бир спортчуга даярдалган кийимдин наркы 95 миң сом болду. Аны "Дилбар" мода үйү тиккен, алар буга чейинки эки Олимпиадага барган спортчулардын расмий формасын тигип бергени айтылат.

Казакстан

Олимпиада кийимдердин дизайнын, материалын жана элементтерин спортчулар өздөрү тандап, натыйжада 35 спортчудан турган комиссия чечим кабыл алган. 
© Фото / пресс-служба НОК РКФорма команды Казахстана на Олимпийских играх в Токио
Форма команды Казахстана на Олимпийских играх в Токио - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Форма команды Казахстана на Олимпийских играх в Токио
Расмий формасын казакстандык дизайнерлер, спорттук кийимдерин испаниялык Joma компаниясы даярдаган. Анда көк, көгүлтүр жана ак түскө басым жасалган. Ал спорттук-кэжуал стилинде тигилип, бардык шартта кийүүгө ыңгайлуу жана бырышпай турганы белгиленет. Спорттук да, параддык да кийиминде желектин сүрөтү камтылган.

Өзбекстан

Коңшу өлкөдө формалардын дизайнын иштеп чыгуу конкурсуна 100 адам катышып, анын ичинен мыктысын тандап алышкан. Салтанаттуу жүрүшкө эркектер костюм шым, кыз-келиндер костюм, юбка кийип чыгат. 
© Фото / пресс-служба НОК РУзПрезентация спортивной экипировки и парадной формы ОИ 2020 года для делегаций Узбекистана
Презентация спортивной экипировки и парадной формы ОИ 2020 года для делегаций Узбекистана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Презентация спортивной экипировки и парадной формы ОИ 2020 года для делегаций Узбекистана
"Кийимдер Өзбекстандын желегинин түсүндөй. Ак түстү бардык эле өлкө колдонот. Андыктан биз ак менен жашыл түстү айкалыштырууга аракет кылдык. Форма Токионун ысык жана нымдуу климатында кийип жүрүүгө аябай ыңгайлуу", — деп айткан дизайнер Элнора Ризаева.
Ошондой эле Өзбекстандын баалуу маданий мурастарын символдоштурган элементтер бар. Спорттук да, параддык да кийимине желектин сүрөтү түшүрүлгөн.

Тажикстан

Тажикстандын олимпиадалык делегациясынын формаларынын комплектине сыйлоо аземине кийүүчү, спорттук футболка, баш кийим, бут кийим, саат, рюкзак жана башкалар камтылган. Спорттук кийимдер улуттук мотивде жасалгаланып, Тажикстандын желегинин түсү колдонулган. 
© Фото / пресс-служба Олимпийского комитета РТС​спортивная и официальная форма делегации Таджикистана в ОИ 2020 года
С​спортивная и официальная форма делегации Таджикистана в ОИ 2020 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
С​спортивная и официальная форма делегации Таджикистана в ОИ 2020 года
Форманын дизайнын компетенттүү дизайнерлер, окумуштуулар жана чет өлкөлүк адистер эки жылда иштеп чыкканы белгиленет.

Россия

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүПрезентация официальной формы Олимпийской команды России на ОИ-2020
Презентация официальной формы Олимпийской команды России на ОИ-2020 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Презентация официальной формы Олимпийской команды России на ОИ-2020
Спорттук кийимдери Россия желегинин түсүнөн алып тигилген. Бирок өлкөнүн аты жазылып, анын жанына сөзсүз түрдө нейтралдуу өлкө катары барганын көрсөткөн логотип коюлушу керек деген талап коюлган. Себеби Россиянын желегин көтөрүп чыгууга тыюу салынган.

Беларусь

© Sputnik / Виктор ТолочкоПрезентация спортивной формы для белорусских олимпийцев в Токио
Презентация спортивной формы для белорусских олимпийцев в Токио - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Презентация спортивной формы для белорусских олимпийцев в Токио
2020-жылдын башында Улуттук олимпиада комитети бир катар спортчуларды чакырып, сунушталган кийимдердин үлгүсүнө баа берүүнү өтүнгөн. Беларусь буга чейин формаларды чет өлкөдөн тиктирчү, быйыл алгачкы ирет ата мекендик дизайнерлерге тапшырган. Мында ачык жашыл жана кара көк түскө басым жасалган. Формасында Беларустун жаратылышы — талаа, дарыя, токойлор чагылдырылган. Муну иштеп чыгууга эки жылдык убакыт талап кылынганы айтылды.

Молдова

© Sputnik / MIHAI CARAUSПрезентация официальной формы Олимпийской команды Молдовы на ОИ-2020
Презентация официальной формы Олимпийской команды Молдовы на ОИ-2020 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Презентация официальной формы Олимпийской команды Молдовы на ОИ-2020
Экипировкалары күнүмдүк, спорттук мелдешке кийүүчү жана параддык болуп үчкө бөлүнөт. Күнүмдүк кийимдеринин асты кара, үстү ак түстө, улуттук элементтер камтылып тигилген. Расмий формасы классикалык кара костюм, ийинине Молдованын желеги коюлган. Ал эми спорттук формасынын шымы кара, үстүңкү бөлүгү көгүлтүр түстө.

Грузия

Параддык кийимди грузиялык дизайнер тиккен, ал эми спорттук формаларды япониялык компанияга буюртма беришкен. 
© Фото / Национальной олимпийский комитет ГрузииПрезентация официальной формы Олимпийской команды Грузии на ОИ-2020
Презентация официальной формы Олимпийской команды Грузии на ОИ-2020 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Презентация официальной формы Олимпийской команды Грузии на ОИ-2020
Форма Грузиянын желегине түспөлдөштүрүлүп, ак жана кызыл түс колдонулган. Ага Олимпиаданын логотиби, грузиндердин улуттук символдору чапталган. Ошондой эле спортчулар байыркы кабалахи баш кийимин кийип чыгары айтылат.

Украина

Украиналык спортчуларды PEAK деп аталган чет элдик компания кийиндирген. Заманга бап келген формаларды иштеп чыгып жатканда спортчулардын өздөрүн катыштырып жана Улуттук олимпиада комитетинин атлеттер комиссиясын кошо чакырышкан
© Фото / пресс-служба НОК УкраиныУкраиналык спортчуларды PEAK деп аталган чет элдик компания кийиндирген
Презентация официальной формы Олимпийской команды Украины на ОИ-2020 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Украиналык спортчуларды PEAK деп аталган чет элдик компания кийиндирген
"Олимпиадага барчулардын кийими азыркы дизайнердик модага дал келет. Токионун климаты эске алынып жеңил, жука кездемеден тигилген. Коллекцияга колдонулган түстөр улуттук сары-жашыл өңгө ылайык келип, жарашып турат. Бул үмүт жана ишенимди билдирет", — деп айтылган Украинанын Улуттук олимпиада комитетинин сайтында.
Жаңылыктар түрмөгү
0