Чемпионка мира Айсулуу Тыныбекова во время индивидуального Кубка мира по спортивной борьбе, который проходит в Сербии.

Бириккен күрөш дүйнөсү Айсулуу Тыныбековага арнап ролик чыгарды

10629
(жаңыланган 12:05 16.07.2021)
Бириккен күрөш дүйнөсү Айсулуу дүйнө чемпионатындагы ийгилигин Олимпиадада кайталаганга аракет кыларын белгилеген.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) Айсулуу Тыныбекованын Олимпиада оюндарына катышары тууралуу ролик чыгарды. Кыргызстандык балбан кызга арналган тасманы UWW өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Аталган уюм Айсулуу дүйнө чемпионатындагы ийгилигин Олимпиадада кайталаганга аракет кыларын белгилеген.

"Кыргызстанда кыздар күрөшүнөн Олимпиада оюндарында эч ким байге ала элек. Айсулуу Тыныбекова алгачкылардан болуп Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатын утуп, ысымын тарыхта калтырды. Ал ийгилигин Токио Олимпиадасында кайталоо үчүн 3-августта килемге чыгат", — деп айтылат роликке жазылган комментарийде.

Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде 62 килограмм салмакта күрөшүп чемпион болгон

Учурда ал UWW уюмунун жаңыланган рейтингинде аталган салмак боюнча биринчи сапта турат.

Кыргызстандык балбан кыз акыркы жолу ушул жылдын июнь айында Польшадагы Poland Open рейтингдик турниринде күрөшүп чемпион болгон.

10629
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, ролик, күрөш, олимпиада
Тема боюнча
Валентина Шевченконун кезектеги атаандашы аныкталды
Япондордун кыргыз спортчусун колдоп Кыргызстандын гимнин ырдаган видеосу
Бишкектеги киберспорттук мелдештин катышуучулары. Архив

Бишкекте киберспорттук мелдеш өтөт. Жеңүүчүлөр дүйнө чемпионатына катышат

66
(жаңыланган 15:26 05.08.2021)
Кыргызстандыктарга өз өлкөсүн эл аралык аренада даңазалоого жана квалификациялык мелдеште байгелүү орундарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкекте киберспорттун төрт түрүнөн IESF World Championship 2021 дүйнөлүк мелдешке тандап алуу боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Компьютердик спорт федерациясы билдирди.

Тандоо турунун жалпы байге фонду 82 миң сом. Кыргызстандыктар үчүн ачык болгон мелдеш аталган оюндун CSGO (14-август), DOTA 2 (15-август), Tekken 7 жана PES 2020 (22-август) түрлөрүнөн болот.

Спорттук федерация өзүнүн расмий сайтына командалардын катталуусу үчүн шилтемелерди жана байге фонду, демөөрчүлөр, мелдеш өтүүчү жайдын дареги тууралуу маалыматтарды чыгарды. Мелдештин шарттары тууралуу төмөнкү шилтемеден кенен маалымат алууга болот.

Оюндун ар бир түрү боюнча жеңүүчүсү өз өлкөсүнүн атынан дүйнө чемпионатына катышат.

Эл аралык киберспорт федерациясы жыл сайын IESF World Championship мелдешин өткөрүп келет. Ал эми улуттук федерациялар тандоо оюндарын уюштуруп, мыктыларды тандап, курама команда түзүшөт. Быйыл дүйнөлүк биринчилик Израилде өтөт. Ага 106 өлкөнүн киберспортчулары катышары күтүлүүдө.

66
Белгилер:
Кыргызстан, киберспорт, мелдеш, Компьютердик спорт федерациясы
Тема боюнча
Турусбеков: өлкөдө компьютердик жана мобилдик оюн индустриясы өнүгүүдө
Токио Олимпиадасында күмүш байге уткан Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова сыйлоо аземи учурунда

Олимпиада: Кыргызстан медаль боюнча Борбор Азияда алдыңкы сапка чыкты

888
(жаңыланган 14:41 05.08.2021)
Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында азыркы тапта Өзбекстан алдыда. Казакстан 75-сапта. Тажикстан болсо Олимпиададан медалсыз кайткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстан Токио-2020 Олимпиада оюндарында 62-сапка жетти. Олимпиада-2020 мелдешинин расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, Кыргызстандын капчыгында эки күмүш, бир коло байге бар.

Ушундай эле көрсөткүч менен 62-катарда Армения, Колумбия жана Доминикан Республикасы турат.

Медаль алуу жарышында Кытай 32 алтын, 23 күмүш жана 16 коло байге утуп, тизменин сап башында. Экинчиде АКШ, аларда 27 алтын, 33 күмүш жана 24 коло байге бар. 21 алтын, 7 күмүш жана 13 коло медаль менен Япония алдыңкы үчтүккө кирди.

Борбор Азия мамлекеттеринин арасында Өзбекстан алдыда. Кошуна өлкө эки алтын жана бир коло байге менен 30-сапка жайгашкан. Жалпы 71 атлет спорттун 17 түрүнөн ат салышкан. Бул Өзбекстан үчүн рекорддук көрсөткүч.

Кыргызстандын капчыгында грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекова уткан эки күмүш медаль жана дагы бир балбан кыз Мээрим Жуманазарова жеңип алган коло байге бар. Токиого Кыргызстандан спорттун жети түрүнөн 16 атлет барган.

Андан ары тизмеде Түркмөнстан 70-орунда. Өлкөнүн тарыхында азырынча алгачкы олимпиадалык күмүш медалды оор атлетчи Полина Гурьева уткан. Түркмөнстандан бул мелдешке тогуз спортчу барган.

Казакстандан бул оюндарга 19 спорттун түрүнөн 93 атлет барган. Азыркы тапта төрт коло байге менен 75-сапта жайгашууда.

Тажикстандык спортчулар Олимпиадалык мелдештен медалсыз кайтты.

Олимпиада–2020 турнирине жалпысынан 12 миңден ашык спортчу катышууда. Мелдеште 339 комплект медаль ойнотулат.

888
Белгилер:
Кыргызстан, Олимпиада-2020, медаль, спорт
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Эмгеги бийик зор тоодой. Олимпиадада медаль алгандарды таптаган устаттар
Чемпиондун балдызы, үйдүн сегизинчиси Мээрим Жуманазарова жөнүндө 8 факт
Рубль валютасынын символу. Архив

Рубль дүйнөдө наркы бааланбаган валюта. Доллар чынында канча турат?

19
(жаңыланган 17:02 05.08.2021)
Россия жана АКШдагы McDonald's тамактануучу жайларындагы бигмактын (керектөөчүлөрдүн сатып алуу жөндөмүнүн бейрасмий түрдөгү индекси, бул тез татым түйүнүндө Big Mac – "сыйлуу" бургерлердин бири) баасына карасак, доллар 30 рубль болууга тийиш. Бул 2013-жылдагыдан аз.

Ирина Бадмаева

Америкалык экономикалык журналдын индикатору канчалык объективдүү жана эмнеликтен иш жүзүндөгү жана "бургердик" баалар эмнеге мынчалык айырмаланары тууралуу Ирина Бадмаеванын макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланган.

"Экономисттин" шакабасы (тамашасы)

Россиялык рубль бааланбагандыгы боюнча "бигмак индексине" ылайык ливан фунтунан гана өйдөңкү сапта турат. Бургер бирдей баада болушу шарт экени болжонот. АКШга караганда арзан турган өлкөдө жергиликтүү валютанын наркы бааланбай, же тескерисинче, ашкере бааланат.

Россияда бигмак — 169 рубль, АКШда — 5,65 доллар. Демек, адилеттүү курс 30ду түзөт. Бирок алмаштырууда реалдуу баасы — 74,53. Башкача айтканда, доллар боюнча РФ валютасы дээрлик 60 пайызга, ал эми евро — 11,1, британиялык фунт — 15,5га бааланган эмес. Төрт акча бирдиги ашкере бааланган. Бул тизмеде венесуэлалык боливар айрыкча айырмаланат, дегеле ал 47,7 пайызга арзан болушу керек эле. Швейцариялык франк — 24,7, норвегиялык жана швед крондору — 11,5 жана 9,6га ашык бааланган.

"Бигмак индексин" 1986-жылы The Economist журналы тамаша иретинде ойлоп чыккан. Бирок эми маңызында керектөөчүлүк жөндөмдүүлүк паритетин аныктоонун бейрасмий ыкмасы — бирдей эле товардын наркына карап эки валютаны салыштыруу. Жылына эки ирет эсептелет.

Бардык жерде сатылгандыктан McDonald's гамбургерин тандап алышкан. 1980-жылдары эле тез татым ресторан түйүнү глобалдык бизнеске айланган. Буга мүнөздүү болгон М тамгалуу тамактануу жайлары Бермуд аралдарында, Иран, Македония, Йемен, Черногория, Түндүк Корея, Зимбабве, Боливия, Армения жана Исландияда жок.

Башкысы — классикалык бигмак бардык жерде бирдей. Анан жалпы эл сатып ала тургандай эле азыктардан – нан, сыр, котлета, жашылчадан жасалат. Өткөн айдагы соңку рейтингге ылайык, көп өлкөлөрдө бигмак Кошмо Штаттарга караганда, атап айтсак, Австралия, Сауд Аравиясы, Катарда арзаныраак. Тизменин акыркы саптарында Азербайжан, Түркия, Түштүк Африка бар.

Таанымал экени анык, бирок калыстыкка жатпайт

Рублдин бааланбаганы ондогон жылдардан бери айтылып келет. Бирок "бигмак индексинен" тышкары дагы башка факторлор толтура. Анан да бургер ар кайсы өлкөлөрдө бирдей баада боло албайт.

Айталы, маяна жана ижаралык үстөк РФте Кошмо Штаттарга салыштырмалуу кыйла аз. Ошол себептен баа дагы төмөн. Анан да бигмактар тиричилик электроникасы же акылдуу телефон сымал сырттан ташып келинбейт, жеринде жасалат. " iPod индекси" боюнча рубль ашкере бааланып, кыйла арзан турары бышык. Ошону менен бирге эле McDonald's компаниясы бааны жергиликтүү калктын реалдуу кирешесин жана сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө жараша белгилейт. Салык жана атаандаштык туурасында да унуткарбоо абзел. Ошондуктан "бигмактын индексин" адилеттүү дешке болбойт. Салыштыруунун мындан да комплекстүү жана ачык ыкмалары бар. Маселен, эң зарыл товар, сырье, жарым-жартылай даяр азыктардын негизинде. Алардын бааларын коммерциялык сыр боюнча укугуна таянган жеке компания эмес, рынок коет.

Кеп бигмакта эмес

Улуттук валюта куну өлкөнүн төлөм балансынын узак мөөнөттүү динамикасын аныктайт. Ал өз кезегинде инфляцияга таасир этет.

Эл аралык жана ички валюталык рыноктогу маанилүү оюнчулар — борбордук банктар. Каржылык жөнгө салуучулар улуттук акча бирдигин чыңдоону чектеп, же тескерисинче, кескин түрдө түшүп кетишинен сактай алышат. Валюталык курс алардын көзөмөлүндө, анткени бул – өлкөлөр ортосундагы атаандаштык соода күрөшүнүн негизги ыкмаларынын бири. Натыйжада акча наркы көбүнесе бурмаланат. Активдерди эркин сата алгандар катары эле баанын коюлушунда рыноктун катышуучуларынын күткөнү да камтылат. Андыктан "бигмак индексине" анча таяна берген болбойт.

"Валютасынын наркы бааланбагандардын алгачкы он сабында негизинен дүйнөдө кеңири таралган алдыңкы 100 акча да кирет. Буга ачык мисал — ливан фунту. Андан өйдөңкү сапта россиялык рубль турат.

Анткен менен өтө жогору бааланган венесуэлалык боливардын акылга сыйгыс инфляцияга тушугуп, АКШнын мүмкүн болгон бардык санкцияларына кабылган", — дейт CMS Institute экономикалык жана каржылык иликтөөлөр департаментинин кызматкери Николай Переславский. Анын айтымында, акыркы жети жылда рубль кунуна геосаясат да таасир этүүдө. Россияга каршы санкциялар салынган, алардын кеңири таралуу тобокелдиктери да бар. Адатка айлангандай эле мунай баалары да роль ойнойт. Кара алтын кымбаттаган учурларда РФ Каржы министрлиги тарабынан валюталарды сатып алуу эрежеси да ага чагылбай койбойт.

Ошентип рублдин ашыкча бекемделишине жасалма түрдө бөгөт коюлат. Жалпысынан курсту түзүүчү саясат анын күчтөнүшүнө өбөлгө эмес.

Рубль кунунун орточо чабалдыгы чет өлкөгө чыгарылышынан түшкөн бюджеттик кирешелерди жогорулатат. Бул экономикада үстөмдүк кылган экспортчуларга да майдай жагат.

Кыйыр факторлор — дүйнөлүк каржылык рыноктордун ички саясаты жана маанайы.

"Санкцияларсыз россиялык валюта кеминде эле бир жарым эсеге кымбат бааланары туурасындагы ыктымал абдан жогору", — деп тактап өттү эксперт.

Кандай болгон күндө да жыл соңуна дейре баары бир доллар 70 рублден төмөндөбөйт. Ал эми саясий тобокелдиктердин айынан 80ге да чыгышы толук мүмкүн. Болду-болбоду, доллардын куну 73-77, евронун курсу 85-90 рубль чегинде калары турулуу иш.

19
Белгилер:
Россия, рубль, доллар, баалар, валюта
Тема боюнча
НАТОнун антироссиялык жаңы "манифести" КМШ өлкөлөрүнө коркунуч туудурат