Олимпиада оюндарынын символикасы. Архив

Олимпиадага кыргыз спортчуларын кимдер коштоп барат? Делегациянын курамы

3662
Олимпиада оюндары 23-июлда башталат. Мамлекеттик спорт агенттиги кыргызстандык спортчулар толугу менен даяр экенин маалымдады.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Улуттук олимпиада комитети Токиодогу Олимпиада оюндарына бара турган Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамын жарыялады.

Спортчулар:

  1. Айсулуу Тыныбекова — кыз-келиндер күрөшү, 62 килограмм;
  2. Мээрим Жуманазарова — кыз-келиндер күрөшү, 68 килограмм;
  3. Айпери Медет кызы — кыз-келиндер күрөшү, 76 килограмм;
  4. Эрназар Акматалиев — эркин күрөш, 65 килограмм;
  5. Үзүр Жусупбеков — грек-рим күрөшү, 97 килограмм;
  6. Атабек Азисбеков — грек-рим күрөшү, 87 килограмм;
  7. Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү, 77 килограмм;
  8. Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү, 60 килограмм;
  9. Айаал Лазарев — грек-рим күрөшү, 120 килограмм;
  10. Дарья Маслова — жеңил атлетика (марафон);
  11. Нурсултан Кеңешбеков — жеңил атлетика (1 500 метр);
  12. Каныкей Кубанычбекова — ок атуу;
  13. Денис Петрашов — сууда сүзүү (100 метр, 200 метр, брасс);
  14. Роман Петров — фехтование;
  15. Владимир Золоев — дзюдо, 81 килограмм;
  16. Бекдоолот Расулбеков — оор атлетика, 96 килограмм.

Спорт уюмдарынын өкүлдөрү:

  • Шаршенбек Абдыкеримов — Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенти;
  • Канат Аманкулов — УОКтун биринчи вице-президенти;
  • Жолдошбек Көлбаев — КР Дзюдо федерациясынын президенти, Азия дзюдо союзунун вице-президенти;
  • Мелис Турганбаев — Азиянын күрөш федерациясынын вице-президенти.

УОКтун штабы жана Мамлекеттик спорт агенттиги:

  • Саламат Эргешов — УОКтун башкы катчысы, миссиянын башчысы;
  • Чолпон Жумагазиева — УОКтун кызматкери;
  • Нурлан Исмаилов — Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциянын башчысы;
  • Марат Аскарбеков — Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин анализ жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Машыктыруучулар жана дарыгерлер:

  • Виктор Суровцев — ок атуу;
  • Александр Черных — фехтование;
  • Азат Эркимбаев — грек-рим күрөшү;
  • Улук Карачолоков — грек-рим күрөшү;
  • Бактыгүл Алишева — дарыгер;
  • Константин Еремич — массажист;
  • Абдужалил Юнусов — дзюдо;
  • Евгений Петрашов — сууда сүзүү;
  • Өмүржан Молдодосов — оор атлетика;
  • Камбар Токтоналиев — оор атлетика;
  • Нурбек Изабеков — кыз-келиндер күрөшү;
  • Байгазы Кенжебаев — кыз-келиндер күрөшү;
  • Татьяна Борисова — жеңил атлетика;
  • Сатыбек Чокаев — жеңил атлетика;
  • Руслан Маджинов — эркин күрөш;
  • Сүймөнкул Табалды уулу — эркин күрөш;
  • Кабыл Макешев — пресс-атташе.

Олимпиада оюндары 23-июлда башталат. Мамлекеттик спорт агенттиги кыргызстандык спортчулар оюнга толугу менен даяр экенин билдирди.

3662
Белгилер:
Кыргызстан, спорт, Олимпиадалык оюндар, тизме, делегация
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (180)
Тема боюнча
Япондордун кыргыз спортчусун колдоп Кыргызстандын гимнин ырдаган видеосу
Кошуна өлкөлөр олимпиадачыларына кандай форма тигип берди. Сүрөттөр
Алтын медалга 10 млн. сом. Марипов Олимпиадага барчу спортчуларга туу тапшырды

Бусурманкулдун нокауту жана ага Хабибдин берген кеңеши. Видео

11
Хабиб Нурмагомедовдун Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турниринде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык атаандашы Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен утуп, чемпиондук курун тартып алды.

Абдибаит уулунун жеңишинен кийин Хабиб Нурмагомедов ага кеп-кеңешин берди.

“Жашоодо анын мындай ирмеми эч качан кайталанбаса керек. Анткени биринчи бел курду утуп жатканда аябай кубанасың. Ошого эмоционалдуу болуп турат, колдоп коелу. Дана Уайт (UFC президенти) бул беттешти көрөт. Мен турнир тууралуу айткам. Чемпиондук курду бир-эки жолу коргогондон кийин UFC уюмунда күч сынашууга мүмкүнчүлүк болот. Бел курду тагынгандан кийин көп спортчунун бутасына айланасын, ошон үчүн көп эмгектенүү керек. Бүгүн эс алып, эртең кайра машыгууну улантуу керек. Баарыңарды куттуктайм, чынын айтсам мен ага (Бусурманкулга) күйөрмандык кылдым, атаандашы таарынбасын”, — деди ал.

Бусурманкул 14 беттешти утуп, үч ирет жеңилген. Ал учурда 28 жашта.

11
Белгилер:
Хабиб Нурмагомедов, EFC, Бусурманкул Абдибаит уулу, жеңиш
Тема боюнча
Сүйүнчү! Бусурманкул Абдибаит уулу Хабибдин лигасынын чемпиону болду. Сүрөт  
Көлгө келген Хабиб: эртең Олимпиадада алтын алышыңарга тилектешмин
Алексей Федосеев Хабибдин турниринде атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңди. Сүрөт

Кубанарымды же кайгырарымды билбей турам. Акжол менен Мээримдин видео маеги 

80
(жаңыланган 00:32 04.08.2021)
Олимпиаданын күмүш медалынын ээси, грек-рим күрөшчүсү Акжол Мухмудов менен эркин күрөш боюнча балбан, коло медаль утуп алган Мээрим Жуманазарова жеңиштен кийинки сезимдери менен бөлүштү.

Кыргызстандын спорт делегациясынын пресс-аташеси Кабыл Макешов спортчуларга суроо узатып, жооп алды.  

“Алтын медаль алабыз деп чоң аракеттер болгон. Финалдан утулуп калгандан кийин сезимдеримди өзүм дагы түшүнбөй турам. Бүгүн мага ишенип, сыртта туруп көргөндөр болуптур. Бирок ишеничиңерди актай алган жокмун. Анткен менен Айсулуу эже менен Мээримдин жеңишине абдан кубандым. Азыр мени куттуктагандар көп болууда. Бирок бул менин эле эмес, машыктыруучуларымдын, бүткүл кыргыз элимдин жеңиши”, — деди Махмудов.  

Ал эми Мээрим Жуманазарова бүгүн тогуз жылдык эмгегинин үзүрүн көрүп жатканын айтты.  

“Албетте, алтын алуу тилегим бар эле. Бирок колого дагы шүгүрчүлүк. Жеңишимди ата-энеме, агайларыма жана жалпы кыргыз элиме арнайм”, — деди Жуманазарова.  

Эске салсак, Токио шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов күмүш медалга, эркин күрөш боюнча балбан Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду.

80
Белгилер:
Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, видео, кайрылуу
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (180)
Тема боюнча
Көзүнө жаш алган ата. Жуманазарованын үй-бүлөсүнүн мелдешке күбө болгон видеосу
Көлгө келген Хабиб: эртең Олимпиадада алтын алышыңарга тилектешмин