Аргымактар марафону уюштурулуп, Бишкектен Чолпон-Атага чейин чаап барышат

© Sputnik / Табылды КадырбековАт чабыш. Архив
Ат чабыш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Жазылуу
Трассанын узундугу 270 чакырым. Иш-чара кыргыз аргымактарын жана спорттун улуттук түрлөрүн колдоо максатында уюштурулууда.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстанда аргымактар марафону уюштурулуп, Бишкектен Чолпон-Ата шаарына чейин чаап барышат. Бул тууралуу Спорттун улуттук түрлөрү дирекциясынан билдиришти.
Жарыш 23-июлда башталып 26сына чейин созулат. Төрт күндүк марафон трассасынын узундугу 270 чакырым. Бул кыргыз аргымактарын жана спорттун улуттук түрлөрүн колдоо максатында уюштурулууда.
Жарышка жаңы асыйдан өйдө жаштагы аттар түшөт. Чабандеси 18 жаштан жогору жана салмагы 50 килограммдан кем болбошу шарт.
Марафон төрт этапка бөлүнгөн:
  1. Бишкек ипподрому — Токмок шаары;
  2. Токмок — Боом капчыгайы;
  3. Боом — Чырпыкты айылы;
  4. Чырпыкты — Чолпон-Атадагы ипподром.
Уюштуруучусу — "Кɵчмɵндɵр жүрүшү" ат жүрүшүнүн республикалык федерациясы" коомдук бирикмеси.
Жаңылыктар түрмөгү
0