Forbes Токио Олимпиадасына катышкан акчалуу спортчуларды атады. Тизме

© AFP / GREG BAKERЯпониялык теннисчи Наоми Осака. Архив
Япониялык теннисчи Наоми Осака. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
Тизмедеги көп киреше тапкан спортчулардын бешөө АКШлык баскетболчулар болду. Арасында теннисчилер жана гольф чеберлери да бар.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Forbes журналы Токио Олимпиадасына катышкан спортчулардын эң көп айлык алгандарынын тизмесин түздү. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
Анда Улуттук баскетбол лигасындагы (NBA) "Бруклин Нетс" клубунун жана АКШ курама командасынын чабуулчусу Кевин Дюрэнт көч баштап, биринчи орунга чыкты. Эки жолку Олимпиада чемпиону, демөөрчүлүк келишимдерин кошкондо өткөн 12 айда 75 миллион доллар тапкан.
Япониялык теннисчи Наоми Осака 60 миллион доллар кирешеси менен экинчи сапка жайгашты. Ал эми өткөн жылы 40,5 миллион доллар тапкан АКШлык дагы бир баскетболчу Дэмиан Лиллард алдыңкы үчтүктү толуктады.
Рейтингде андан ары:
4. Новак Жокович (теннис, Сербия) – 34,5 миллион доллар;
5. Рори Макилрой (гольф, Түндүк Ирландия) – 32 миллион;
6. Девин Букер (баскетбол, АКШ) – 30,5 миллион;
7. Кэй Нисикори (теннис, Япония) – 30,7 миллион;
8. Крис Миддлтон (баскетбол, АКШ) – 27 миллион;
9. Жру Холидей (баскетбол, АКШ) – 23 миллион доллар.
Токиодогу Олимп оюндары 23-июлда башталып 8-августта жыйынтыкталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0