БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Олимпиадага катыша турчу грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Токиодо машыгуусун улантууда.
Балбандардын оюнга даярданып жаткан видеосун КРдин Күрөш федерациясынын социалдык тармактагы баракчасы чыгарды.
Анда атлеттер сырттагы спорттук аянтчада күрөштүн ыкмаларын кайталап жатканын көрүүгө болот.
Балбандар 1-августтан тарта күрөшүп баштайт.
Грек-рим күрөшүнөн лицензияны Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), Атабек Азисбеков (87 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) алган. Аларды башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев менен улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков коштоп барган.