Укук коргоочулар ирандык мергенди Олимпиадалык алтын медалынан ажыратууга чакырат

© AFP / TAUSEEF MUSTAFAПневматикалык мылтыктан атуу боюнча Олимпиада чемпиону Жавад Форугхи
Пневматикалык мылтыктан атуу боюнча Олимпиада чемпиону Жавад Форугхи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Укук коргоочулар тобу Форугхини террордук уюмга мүчө деп айтышууда. Уюм ага алтын медаль ыйгаруу башка спортчуларды мазактаганга барабар деп эсептейт.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. United for Navid уюмунун укук коргоочулар тобу пневматикалык мылтыктан атуу боюнча Олимпиада чемпиону болгон ирандык Жавад Форугхини алтын медалынан ажыратууну талап кылып чыгышты. Бул боюнча алар Эл аралык олимпиада комитетине (ЭОК) кайрылганын Eurosport маалымат булагы жазды. 

Укук коргоочулар Форугхини террордук уюмга мүчө деп айтышууда.

41 жаштагы спортчу 10 метр аралыктан пневматикалык мылтыктан атуу боюнча 244,8 упай топтоп, олимпиадалык рекорд жаратып чемпион болгон.

"United for Navid укук коргоо уюму ирандык мерген Жавад Форугхиге олимпиаданын алтын медалын тапшыруу иран спорту үчүн эле эмес, бүтүндөй эл аралык коомчулук, өзгөчө ЭОК үчүн чоң катастрофа болот деп эсептейт. 41 жаштагы Форугхи бүгүнкү күндө да террордук уюмдун мүчөсү болуп саналат. Экстремистке олимпиаданын алтын медалын ыйгаруу башка спортчуларды мазактоо жана Эл аралык олимпиада комитетинин бетине көө жабат", — деп айтылат укук коргоочу уюмдун маалыматында.

Маалыматта United for Navid  жыл башында Олимпиада комитетине кат жолдоп, Олимпиадага баргандардын арасында Ирандын спорттук өкүлү катары аскер кызматкерлери, ал турсун саясатчылар да болушу мүмкүн экенин эскерткени айтылды. 

Олимпиада-2020. Стрельба. Женщины. Пневматическая винтовка. 10 м - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Токио: биринчи медалдар ойнотулду. Кыргызстандык Кубанычбекова орунга илинген жок
Эл аралык Олимпиада комитетинин расмий өкүлдөрү буга эч кандай чара көргөн эмес. United for Navid уюму бул боюнча ЭОКтун тез арада иликтөө жүргүзүп, Токио Олимпиадасы бүтө электе ага алтын медалды ыйгарууну токтотууга чакырган. Укук коргоо уюмунун кайрылуусу мекеменин расмий сайтына чыккан.

Форугхинин алтын медалы Ирандын тарыхындагы аталган спорт боюнча алгачкы Олимпиадалык алтын медаль болуп калды.

Жавад Ирандык олимпиада курама командасынын тарыхында жашы эң улуу медалист болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0