Кытайлык Чен Дасян бокс боюнча Токио -2020 оюндарында тажикстандык Шаббос Негматуллоев менен беттешүүдө

Бир да медаль жок. Олимпиадага барган Тажикстандын спортчулары үйүнө кайтты

5011
(жаңыланган 17:47 31.07.2021)
Тажикстан спорттун бокс, дзюдо, сууда сүзүү жана жеңил атлетика түрү боюнча лицензия алган. Беттешке чыкканда баары биринчи этаптан эле өтпөй калган.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Тажикстан Токио Олимпиадасынан бир медаль ала алган жок. Спортчулар бүгүн акыркы мелдешин жыйынтыктап, үйүнө кайтууда. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Коңшу өлкөдөн Олимпиада оюндарына 10 спортчу барган. Бирөө квалификациялык турнирден жаракат алып катыша албай калган.

Тажикстан спорттун бокс, дзюдо, сууда сүзүү жана жеңил атлетика түрү боюнча лицензия алган. Ал эми беттешке чыкканда баары биринчи этаптан эле өтпөй калган.

5011
Белгилер:
Тажикстан, олимпиада, спорт, медаль, кайтуу
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (248)
Тема боюнча
Тилинен жаңылган машыктыруучу Олимпиададан куулду. Видео
Жоламан жана Айпери Токиодо алгач казак балбандары менен беттешет. Чоо-жайы
Кыргызстан кубогун жеңип алган Нефтчи футболдук клубунун оюнчулары

Футбол: Кыргызстан кубогунун ээси аныкталды

69
(жаңыланган 19:56 18.09.2021)
Эсеп негизги убакытта да, кошумча берилген мөөнөттө да ачылган жок. Финалдык оюндун жеңүүчүсү пенальти сериясынан соң белгилүү болду.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кочкор-Атанын "Нефтчи" футболдук клубу Кыргызстан кубогунун ээси аталганын Кыргыз футбол союзу билдирди. 

90 мүнөттүк негизги убакытта "Нефтчи" да, ага атаандаш болгон Бишкектин "Алга" командасы да гол киргизе алган эмес. Кошумча берилген эки таймда да эсеп ачылган жок.

Жеңүүчүнү пенальти сериясы аныктап, "Нефтчи" 4:2 эсеби менен жеңүүчү аталды.

Оюн биринчи жолу Баткен шаарынын борбордук стадионунда өттү.

69
Белгилер:
футбол, кубок, мелдеш, команда
Тема боюнча
Кыргызстандын футбол командасы FIFA рейтингинде алдыңкы жүздүккө илинди
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү дирекциясынын усулчусу Адилет Камчыбеков

Камчыбеков: Бишкек марафонуна майыптыгы бар 100 адам катышат

11
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү дирекциясынын усулчусу Адилет Камчыбеков Кыргызстан боюнча 195 миңден ашуун майыптыгы бар адам жашай турганын айтты.

Эртең борбор калаада өтүүчү жарым марафонго коляскада отурган майыптыгы бар 100 адамдын катышары пландалган. Бул тууралуу Адилет Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Камчыбеков: Бишкек марафонуна майыптыгы бар 100 адам катышат

Анын айтымында, өлкөдө 195 миңден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар.

"Булар үч топко бөлүнөт. Биринчиси — үйдөн чыкпаган, ата-энесинен башка эч ким менен сүйлөшпөгөн адамдар, экинчи топтогулар жарым-жартылай коомчулукка аралашкандар, ал эми үчүнчүсү билим алып, дос күтүп, эл менен аралашып жүргөндөр, бирок майыптыгы бар. Биринчи топко киргендердин психологиялык дагы саламаттыгы кооптуу абалга кептелет. Алардын ата-энеси, жакындары да ушундай эле оор абалда болот. Бул жарандарды элге аралаштырып, жарышка катыштыруу биринчи кезекте алардын багуучулары, ата-энеси үчүн чоң дем-күч берет. Андыктан биздин марафонго коляскада отурган, үч жаштан өйдө 100 адамды катыштыруу пландалган. Алар төрт топко бөлүнүп чуркашат. Кыздар, эркектер өзүнчө жана жандоочу менен, ошондой эле өз алдынча чуркагандар бар. Марафон учурунда дарыгерлер, тиешелүү социалдык мекемелердин кызматкерлери көзөмөлдөп турушат", — деди Камчыбеков.

Спортчу марафондун жыйынтыгында ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар берилерин кошумчалады.

 

11
Белгилер:
Адилет Камчыбеков, марафон, майыптар, ден соолук
Тема боюнча
Надыров: Бишкек жарым марафонунун онлайн катышуучулары да болот
Кабул шаары. Архив

ЖМК: талибдер өзбек тилин расмий макамынан ажыратып салды

0
(жаңыланган 00:12 19.09.2021)
Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы мыйзамда көрсөтүлгөн үч расмий тилдин ордуна экөөнү калтырып, башкаруунун жаңы системасы каралган убактылуу мыйзам чыгарды. Документ РИА Новостиге кыймылдагы адамдар тарабынан жөнөтүлгөнүн аталган агенттик жазды.

"Негиздер" деген аталыштагы мыйзамда Афганистандагы ханафит мазхабынын суннит исламы расмий дин болуп эсептелээри айтылат. Ал эми пушту менен дари тилдери расмий тил деп саналмакчы. Буга чейин Афганистанда түндүк провинциянын тургундары сүйлөгөн өзбек тили да расмий болуп келген. Мындан тышкары, өлкөдө басымдуу бөлүгүн хазарийлер түзгөн шиит общинасы бар.

Жаңы документке ылайык, Афганистанда ислам юристтеринин кеңеши жана жогорку кеңеш түзүлөт. Ага саясий ишмерлер, окумуштуулар жана ар провинциядан дин кызматкерлери кошулары айтылды.

Аткаруу бийлигин президент жетектейт, аны жарандар менен жогорку кеңештин мүчөлөрү шайламакчы. Добуш берүү ачык-айкын өтүшү үчүн шайлоо комиссиясы түзүлөт. Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

Мыйзамда "британиялыктар, орустар жана америкалыктардан көз карандысыздык күнү" майрам болуп эсептелет деп жазылган.

Талибдер августтун башында активдешип, айдын орто ченинде Кабулга киришкен. Согуш аягына чыкканы жар салынып, 31-августта америкалык аскерлер толугу менен өлкөдөн чыгып кеткен.

7-сентябрда Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектемей болгон. Өкмөт башчы 2001-жылдан бери БУУнун санкциясында.

Буга чейин талибдердин бийлиги менен кызматташууга Өзбекстан, Казакстан жана Кытай даярдыгын билдирген болчу.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

0
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, тил, макам, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, мыйзам, документ
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир
Пикирлештердин саммити: ШКУнун Афганистан боюнча кадамы кандай болот