Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы. Архив

Эсеп 8:1. Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарындагы алгачкы беттешин жеңди

2522
(жаңыланган 11:42 01.08.2021)
Биринчи үч мүнөттүктө Айпери 1:0 эсебинде уткан. Экинчи бөлүктө Айпери Медет кызы эсепти 8:1 кылып жеңип алды.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Олимпиада мелдешиндеги алгачкы беттешин утту.

76 килограмм салмак категориясында ат салышып жаткан Медет кызы 8/1 финалдык этапта казакстандык Элмира Сыздыкова менен күрөштү.

Биринчи үч мүнөттүктө Айпери 1:0 эсебинде уткан. Экинчи бөлүктө Айпери Медет кызы эсепти 8:1 кылып жеңип алды.

Машыктыруучу Нурбек Изабеков “иштеш керек, аягына чейин иште!” деген көрсөтмөлөрдү берип жатты.

Чейрек финалда Айпери Медет кызы олимпиада чемпиону (Лондон-2012), россиялык Наталья Воробьева менен кез келет.

2522
Белгилер:
күрөш, Айпери Медет кызы, Олимпиадалык оюндар
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (248)
Тема боюнча
Эки күн калды! Жоламан, Акжол баштаган балбандар Токиодо машыгууда. Видео
Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиадада 6-орунду ээледи. Видео

Шевченконун көз ирмемдеги муштуму жана UFC 266дагы кызыктуу учурлар. Видео

156
(жаңыланган 14:44 27.09.2021)
UFC Russia уюмунун YouTube каналы Лас-Вегаста болгон UFC 266 турниринин кызыктуу учурларын кесип, чогултуп, видеосун жарыялады.

Бул беттештердин эң эсте каларлыгы жана кызыктуусу жеңил салмактагы спортчу, кыргызстандык Валентина Шевченко менен америкалык Лорен Мерфиники болду. Шевченко октагондо башынан аягына чейин лидерликти дээрлик берген эмес. 4-раундда катуу чабуулга өтүп, Мерфини жерге жыгып катар-катар ургулагандан кийин калыс беттешти токтоткон.

Кыргызстандык мушкер кыздын беттешиндеги кызыктуу учурларды редакция чогулткан видеотоптомдон көрүүгө болот.

156
Белгилер:
Лас-Вегас, Валентина Шевченко, UFC, сокку, октагон, видео
Тема боюнча
Силерди жакшы көрөм! Шевченконун Кыргызстанга салам жолдогон видеосу
Спортчу Мамашов АСА мелдешинде UFC уюмунун экс-мушкери менен беттешет
"Нокауттардын ханышасы". Шевченко UFC уюмун кантип багындырган. Видео
Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко

Валентина Шевченконун Мерфини утканы үчүн алган гонорары айтылды

404
(жаңыланган 15:38 27.09.2021)
UFC 266 мелдешинин экинчи башкы беттешинде кыргызстандык спортчу кыз америкалык Лорен Мерфини утуп, алтынчы ирет чемпиондук курун коргоп калды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфини утканы үчүн ири суммадагы гонорар алды.

SportsDaily спорттук жаңылыктар басылмасы мушкерлердин тапкан кирешесин санаган.

Кечээ Шевченко кезектеги атаандашы Мерфини утуп, алтынчы ирет чемпиондук курун коргоп калды. Ал америкалык спортчуну беттештин төртүнчү раундунда техникалык нокаут менен уткан.

Эсептөөлөргө караганда, Валентина бул беттештен 392 миң доллар тапкан. Анын 350 миңин мелдешке катышканы үчүн алса, дагы 42 миң доллар беттеш алдындагы бир жума үчүн кошумча төлөм катары (спортчуларга жума бою медиа жана турнир окуяларына убакыт бөлгөнү үчүн берилүүчү сыйлык) берилген.

Лорен Мерфинин гонорары 132 миң долларды түздү. Таймашка чыкканына 100 миң, ал эми 32 миңди жарнама үчүн алды.

Лас-Вегаста өткөн мелдеште эң көп гонорарды, 566 миң долларды Ник Диаз иштеп тапты. Беттешке чыкканы үчүн Диазга 500 миң төлөндү. 50 миң мыкты кармаш үчүн, ал эми медиа иштерине катышкандыгына 16 миң доллар берилген.

Ал 2004-жылы беттешкен атаандашы Робби Лоулер менен кез келген. Диаз дал ошол беттештен кийин ийгиликтүү мушкер катары тааныла баштаган.

Бул ирет ийгилик Лоулер тарапка ооду. Кармаштын үчүнчү бөлүгүндө кубаттуу соккудан соң Ник жерге кулап, беттеш токтотулган. Калыстар техникалык нокаут деп эсептеген.

404
Тема боюнча
Садыр Жапаров чемпиондук наамын коргогон Валентина Шевченкону куттуктады
Кыргыз желегин желбиретип... Шевченко кантип жеңгенин көрсөткөн видеолор
Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов

Инвестициялар министри Шыкмаматов иштен кетүү ниетин билдирди. Себеби

15
(жаңыланган 18:33 27.09.2021)
Шыкмаматовго "Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чини ыйгарылды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов отставкага кетүү үчүн арыз жазуу ниетин билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров принял министра инвестиций страны Алмамбета Шыкмаматова. 27 сентября 2021 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Бүгүн, 27-сентябрда, мамлекет башчы Садыр Жапаров министрди кабыл алган

Бүгүн, 27-сентябрда, мамлекет башчы Садыр Жапаров министрди кабыл алган.

"Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу ээлеген кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирди. Мамлекет башчысы анын отставкасын кабыл алууга даяр экенин айтып, аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өлкө башчынын жарлыгына ылайык, инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовго "Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чини ыйгарылды.

15
Белгилер:
Алмамбет Шыкмаматов, отставка, Жогорку Кеңеш, шайлоо
Тема боюнча
Арипов: жарым жылда инвестициянын көлөмү 95,4%га өстү