Эсеп 8:0! Жоламан Олимпиада мелдешинин чейрек финалына чыкты

© пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандын балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив
Кыргызстандын балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Жазылуу
Жоламан күрөштү активдүү баштап, биринчи эле үч мүнөттүктө упай артынан упай алып эсепти 8:0гө жеткирип, техникалык таза жеңишти камсыздады.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак категориясы боюнча катышып жаткан Жоламан Шаршенбеков казакстандык Мейрамбек Айнагуловду утту.

Жоламан күрөштү активдүү баштап, биринчи эле үч мүнөттүктө упай артынан упай алып эсепти 8:0гө жеткирип, техникалык таза жеңишти камсыздады.

Жоламан чейрек финалда молдовалык Виктор Чобану менен кез келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0