Дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат! Айперинин атаандашы тууралуу эмне белгилүү

© AFP / ATTILA KISBENEDEKАКШлык балбан Аделина Грей. Архив
АКШлык балбан Аделина Грей. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу кыз Олимпиаданын жарым финалына чыкты. Алдыда аны өтө олуттуу атаандаш күтүп турат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарынын жарым финалында АКШлык Аделина Грей менен беттешет.

Америкалык спортчу дүйнөнүн беш жолку жана Панамерикалык мелдештердин бир нече жолку чемпиону. Денверде туулуп-өскөн, учурда 30 жашта.

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Көтөрүп чапты! Айпери Медет кызынын олимпиада чемпионун жеңген видеосу
Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун кыз-келиндер күрөшү боюнча рейтингинде 76 килограмм салмак чени боюнча биринчи орунда турат. Медет кызы бул тизмеде азырынча сегизинчи баскычта.

Экинчи жарым финалда япониялык Хироэ Минагава Сузуки (UWW рейтингинде үчүнчү орунда) менен германиялык Aлин Роттер-Фоккен (экинчи орунда) чыгат. Белгилей кетсек, 2019-жылкы дүйнө чемпионатында Грей дал ушул япониялык спортчу менен беттешкен.

Олимпиада оюндарынын 1/8 финалында АКШлык Грей Тунистен келген атаандашын 8:0, андан соң түркиялык Ясемин Адарды 6:4 эсебинде уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0