Эртең чыгат! Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы белгилүү болду

© Фото / UWW / Sachiko HOTAKA Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив
 Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат. Бүгүн таймаштардын чүчү кулагы тартылып, Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшөрү аныкталды.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекованын Олимпиада оюндарындагы алгачкы атаандашы белгилүү болду. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясы кабарлады.

Ага ылайык, 3-августтагы беттештердин чүчү кулагы тартылып, Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшмөй болду. Спортчулар 1/8 финалдан баштайт. Килемдеги салмактары 62 килограмм.

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Тунистик Ламджед Маафи менен беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Токиодо шоу уюштурууда! Бириккен күрөш дүйнөсү Акжолду алкады. Видео, сүрөт
31 жаштагы Григорьева Европа чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү жана дүйнө чемпионатынын байге ээси.

Ошондой эле грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбековдун да биринчи каршылашы аныкталып, венгриялык Виктор Лёринц менен кез келет. Алар дагы 1/8 финалдан баштайт, салмактары 87 килограмм.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат. КТРК Спорт каналы түз эфирден көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0