Акжолдун эмки атаандашынын дарамети кандай? Армениялык балбандын таржымалы

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWАрмениялык балбан Карапет Чалян
Армениялык балбан Карапет Чалян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандык спортчунун жарым финалдагы каршылашы 77 килограмм салмак категориясы боюнча дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунда турат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча Олимпиадага катышып жаткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов жарым финалда армениялык Карапет Чалян менен күрөшөт.

Махмудов 77 килограмм салмак категориясы боюнча ат салышууда. Буга чейин Тунис өлкөсүнөн барган Ламджед Маафини (11:0) жана азербайжандык Рафиг Гусейиновду (9:1) мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.

Эми финалга жолдомо алуу үчүн бүгүн, 2-августта, саат 15:15те килемге чыгат. Эгер мында жеңишке жетишсе, алтын медаль үчүн күрөшөт.

Акжолдун жарым финалдагы атаандашы биринчи беттешинде өзбекстандык Жалгасбай Бердимуратовду 5:0, чейрек финалда россиялык Александр Чехиркинди 2:1 эсеби менен уткан.

 Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Эртең чыгат! Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы белгилүү болду
Карапет Чалян 28 жашта, 2010-жылдан бери эл аралык аренада күрөшөт. 2013-жылы жаштар арасында дүйнөнүн жана Европанын чемпиону болгон.

2016-жылы 75 килограмм салмак категориясы боюнча Европа чемпионатынан коло байге уткан.

Ал эми 2019-жылы 77 килограмм салмак категориясына өтүп, Европа оюндарында күмүш медаль тагынган.

2020-жылы Европа биринчилигинде үчүнчү орунду ээлеген.

77 килограмм категориясындагы балбандардын дүйнөлүк рейтингинде үчүнчү орунду ээлейт. Анын алдында венгриялык Тамаш Леринц жана швециялык спортчу Алекс Кесидис турат.

Акжол Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0