Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло байгеси үчүн ат салышмай болду

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Sachiko HOTAKAКыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Архив
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Мээрим чейрек финалда Блессинг Оборудудуга (Нигерия) жеңилген. Нигериялык балбан кыз финалга чыгып, кыргызстандык спортчу коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алды.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло байгеси үчүн таймашат. Анткени аны чейрек финалда уткан Блессинг Оборудуду (Нигерия) монголиялык Батцэцэг Соронзонболдынды 7:0 эсеби менен утуп финалга чыкты. Эми Мээрим коло байге үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алды.

68 килограмм салмак даражасында күрөшкөн кыргызстандык спортчу азербайжандык Элиз Манолова менен көңүл жубатуучу таймашка чыгат. Аны утса монголиялык Батцэцэг Соронзонболдын менен Олимпиада-2020 мелдешинин коло байгеси үчүн күрөшөт. 

Мээрим чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган. Ал эми баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0