Баары алдыда! 22 жаштагы Айпери Медет кызы коло медалын ала албай калды

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWКыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарында коло байге үчүн күрөштө түркиялык Ясемин Адарга 4:0 эсеби менен жеңилип калды
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарында коло байге үчүн күрөштө түркиялык Ясемин Адарга 4:0 эсеби менен жеңилип калды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Айпери жарым финалда америкалык спортчуга утулуп калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыктан коло байгеге күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарында коло байге үчүн күрөштө түркиялык Ясемин Адарга 4:0 эсеби менен жеңилип калды.

Медет кызы 76 килограмм салмак категориясында ат салышты.

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло байгеси үчүн ат салышмай болду
Айпери баштапкы этапта казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда россиялык олимпиада чемпиону Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен уткан.

Ал эми жарым финалда америкалык Аделина Мария Грейге татыктуу таймаш көрсөтүп, 2:3 эсебинде жеңишти алдырган эле. Атаандашы финалга чыккандыктан коло байгеге күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0