Акжолдун агасы: балабыз чоң атасынан бата алып, алтын утууга сөз берип кеткен

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWКыргызстандык балбан Акжол Махмудов
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Балбандын кичи мекениндеги туугандары жана жердештери финалдык кармашты Араван шаарында чоң экрандан көрүүгө камынып турушат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Токиого жөнөп жатып чоң атасынан бата алып, алтын утууга сөз берип кетти. Бул туурасында спортчунун агасы (атасынын бир тууган иниси) Шарапидин Махмудов Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, балбандын атасы фура айдап иштегендиктен жакында эле Россияга жүк ташып кеткен, учурда жолдо келе жатат. Ал эми эки агасы менен карындашы Бишкекте турат. Чоң атасы кичи мекени Араван районунда.

"Акжол Азия оюндарына бара электе телевидениеден кыргыз элине "Олимпиададан алтын утам" деп сөз берген. Ошондо сен 6 миллион элибизге убада берип жатасың десем "аба, мен сөзүмө турам" деген. Кетип жатканда дагы ошол сөзүн кайталап "аба, мен сөзүмө турам, кудай буюрса Олимпиада чемпиону болом" деп айтты", — деди балбандын агасы.

Махмудов өзү Араван шаарында жашайт. Финалдык беттешин түз эфирден көрүү үчүн "Белек" кино театрында чоң экран уюштурулган. Акжолдун туугандары, жердештери ушул жерден көрүүгө камынып турушат.

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов жарым финалда армениялык Карапет Чалянды менен мелдеште - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Таланттуу эмес, эмгекчилмин! 22 жаштагы Акжол Махмудов тууралуу 11 факт
"Балабыз Араванга келип 82 жаштагы чоң атасынын батасын алып кетти. Акжолду биздин үй-бүлө эмес, кыргыз эли билип калды. Ал сөзүнө бекем турган, алдыга умтулган бала. Мага да жолугуп "Жакшы дем менен баратам, ийигилик менен кайтам. Аба, сарсанаа болбоңуз" деп кеткен. Ар бир мелдешке кеткенин күзөтүп турабыз, дайым сөзүнө туруп келет", — деди Махмудов.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Олимпиада оюндарынын финалына чыккан. Алтын медаль үчүн бүгүн, саат 16:30да күрөшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0