Айсулууну сүрөп, утканда бийлеген кыргыз делегациясы. Токиодон видео

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWАйсулуу Тыныбекованын Токио Олимпиадасынын жарым финалында
Айсулуу Тыныбекованын Токио Олимпиадасынын жарым финалында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандык балбан бүгүн украиналык атаандашын утуп финалга чыкты. Эртең алтын медаль үчүн япониялык Юкако Каваи менен күрөшөт.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Айсулуу Тыныбекованын Токио Олимпиадасынын жарым финалындагы беттешинин видеосун жиберди. Андан Кыргызстандын делегациясы спортчуну сүрөп, жеңгенден кийин кубанып бийлеп жатышканын көрүүгө болот.

Бүгүн Тыныбекова украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсеби менен утуп финалга чыкты. Алтын медаль үчүн эртең Юкако Каваи менен күрөшөт.

Кыргызстандык балбан атаандаштарына бир дагы упай бербей келе жатат. Ал мындан бир нече саат мурда чейрек финалда румыниялык Кристина Инченин далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Ал эми баштапкы этапта латвиялык Анастасия Григорьева менен кармашып 8:0 эсебинде утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0