Тарыхта Олимпиададан медаль алган биринчи кыз. Мээримдин жеңиши видеодо

© AFP / JACK GUEZКыргызстандык Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло медалын алды
Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло медалын алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Жуманазарованын бул олжосу Кыргызстандын эгемен тарыхындагы үчүнчү коло байге болду. Ал эми кыз-келиндер арасында биринчи.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандык 22 жаштагы спортчу Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло медалын алды.

Байге үчүн таймашта ал монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэг менен таймашты. Ал биринчи бөлүктө бир упай алдырып койду. Ал эми экинчи таймда катуу чабуулга өтүп атаандашынын бутуна кирип, артына өтүү ыкмасын эки ирет жасап, 4 упай алды. Андан соң каршылашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздады.

Муну менен ал Кыргызстандын куржунуна экинчи медалды салды.

Жуманазарованын бул олжосу Кыргызстандын эгемен тарыхындагы үчүнчү коло байге болду. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбаны Руслан Түмөнбаев, эркин күрөшчү Базар Базаргуруев Пекин-2008 Олимпиадасынын коло байгесин тагынышкан.

Ал эми Олимпиададан байгеге жеткен алгачкы спортчу кыз катары жазылып калат. Себеби эгемен тарыхта кыз-келиндер арасында мындай жетишкендик болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0