Кыргызстандык мушкер Алексей Федосеев

Алексей Федосеев Хабибдин турниринде атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңди. Сүрөт

384
(жаңыланган 03:11 04.08.2021)
Бул белгилүү кикбоксчунун ММА спортундагы биринчи кармашы. Алгачкы ирет октагонго 2019-жылы чыккан.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун Eagle Fighting Championship (EFC) турниринин алкагында кыргызстандык мушкер Алексей Федосеев каршылашын биринчи раундда эле утуп алды. Бул тууралуу Sputnk агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Федосеев казакстандык Досбол Елеген менен кез келди. Биринчи раунддун үчүнчү мүнөтүндө аны муунтуу ыкмасына алганда рефери беттешти токтотууга аргасыз болду.

Жеңишине чексиз кубанып, ак калпак кийген Федосеев кыргызстандыктарга жана командасына ыраазычылык билдирди.

Федосеев аралаш мушташ спортуна 2019-жылы өтүп, Кореядагы мелдеште жергиликтүү атлет Жи Вон Кону калыстардын чечими менен уткан. Бул анын ММАдагы экинчи кармашы.

Eeagle FC лигасынын турнири Кыргызстанда алгачкы ирет өтүүдө. Мелдештин башкы беттешинде уюмдун жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Руслан Яманбаев (Россия) чемпиондук наамын коргоо үчүн кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен таймашат.

384
Белгилер:
Чолпон-Ата, Алексей Федосеев, ММА, кармаш, турнир, EFC
Тема боюнча
Александр Загорский алып барууда! Чолпон-Атада Хабибдин уюмунун мелдеши башталды
Хабибге даярдалган банкетте Ташиев менен Жапаровдун уулдары жүрөт. Видео

Мен чемпионмун, баарына даярмын! Шевченко кийинки атаандашы боюнча жооп берди

27
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко жеңишинен кийин суроолорго жооп берип жатып ким менен кайсы дивизиондо болсо дагы таймашууга даяр экенин айтты.

Ага кийинки атаандашы тууралуу суроо беришти.

"Мен эч нерсеге карабай ким менен болсо дагы таймашууга даярмын. Мен бул жердемин, мен чемпионмун!" — деди спортчу.

Ошондой эле ал бир нече тилде күйөрмандарына салам жолдоп, ыраазычылгын билдирди.

Белгилей кетсек, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Шевченко бүгүн, 26-сентябрда, америкалык Лорен Мерфини жеңип, алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калды. Беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарындагы T-Mobile спорттук аренасында өттү.

27
Белгилер:
Валентина Шевченко, жеңиш, маек, жооп
Тема боюнча
Валентина Шевченко атаандашы Лорен Мерфини шайын кетирип утуп алды. Видео
Силерди жакшы көрөм! Шевченконун Кыргызстанга салам жолдогон видеосу
Кыргыз желегин желбиретип... Шевченко кантип жеңгенин көрсөткөн видеолор
Марафондун катышуучулары. Архив

5 миң киши чуркаган марафондон түшкөн каражат кайда жумшалат. Видео

26
Toyboss Snow Leopard Run — 2021 жарым марафонунун уюштуруучулары андан түшкөн акчага егерлерге автоунаа сатып баерүүнү пландап жатышат.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте ак илбирсти сактоого багытталган эл аралык Toyboss Snow Leopard Run — 2021 жарым марафону өттү.

Иш-чарага 5 миңден ашык киши катышты. Катышууга төлөнгөн каражат илбирсти жана экосистеманы коргоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) которулат. Былтыркы марафондогу каражатка ар бири 500 доллардан турган 35 фотокапкан сатып алынган. Быйыл уюштуруучулар уюмдун жетекчилери жана токойчулар үчүн эки "Нива" автоунаасын алып берүүнү көздөп жатат. Анткени аларга тоолуу аймактарда жөө жүрүү кыйынчылык жаратууда.

Жарыш "Ала-Тоо" аянтынан башталып, жөө күлүктөр калаанын негизги көчөлөрүн айланып 5, 14 жана 21.1 чакырым аралыкка чуркашты. Ошондой эле 3төн 10 жашка чейинки балдар да катышты. 10 жаштан жогорку балдар 1 чакырымга, 14 жаштан өткөндөр 5 чакырымга чуркады.

26
Белгилер:
Бишкек, марафон, каражат, жардам, ак илбирс
Тема боюнча
Ошто COVID баштаган ооруларды алдын алууга арналган марафон өттү. Сүрөттөр
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана тунгуч жазма акын, агартуучу, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды

Эпостор фестивалынын жабылышында 20 манасчы Каныкейдин Тайторуну чапканын айтты

0
(жаңыланган 13:35 26.09.2021)
Эпостор фестивалынын жабылыш аземи Кыргызстандын жана чет жактан келген коноктордун концерти менен коштолду.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана тунгуч жазма акын, агартуучу, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

  • Выступление артистов на концерте в Национальной филармонии имени Т. Сатылганов, в рамках Международного фестиваля эпосов народов мира в Бишкеке
    Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана тунгуч жазма акын, агартуучу, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды
    © Фото / пресс-служба МКИСиМП КР
  • Выступление артистов на концерте в Национальной филармонии имени Т. Сатылганов, в рамках Международного фестиваля эпосов народов мира в Бишкеке
    Аталган фестиваль Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха- Якутия, Башкыртстан, Новосибирск, Абхазия ж.б.), Азербайжан, Армения, Беларусь, Эстония, АКШ, Иран, Франциянын илимпоз жана өнөр адамдарынын башын бириктирди
    © Фото / пресс-служба МКИСиМП КР
  • Награждение победителей Международного фестиваля эпосов народов мира в Национальной филармонии имени Т. Сатылганов в Бишкеке
    Салтанаттуу жабылыш аземге мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, фестивалдын маани-маңызы жана ролу тууралуу кайрылуу жасашты.
    © Фото / пресс-служба МКИСиМП КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба МКИСиМП КР
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана тунгуч жазма акын, агартуучу, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды

Аталган фестиваль Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха- Якутия, Башкыртстан, Новосибирск, Абхазия ж.б.), Азербайжан, Армения, Беларусь, Эстония, АКШ, Иран, Франциянын илимпоз жана өнөр адамдарынын башын бириктирди.

"Үч күнгө созулган иш-чара илимий-практикалык симпозиум, тегерек стол жана маданий ар түрдүүлүк парады менен коштолуп, эл аралык маданий алака бекемделди", — деп айтылат маалыматта.

Салтанаттуу жабылыш аземге мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, фестивалдын маани-маңызы жана ролу тууралуу кайрылуу жасашты.

Аны менен катар "Манас" улуттук театрынын ачылышы тууралуу расмий жарыяланып, анын директору Азиз Биймырза уулу тааныштырылды.

Эпостор фестивалынын негизги бөлүгү Тоголок Молдо тууралуу атайын даярдалган пролог менен башталды. Андан соң 20га жакын манасчынын аткаруусунда "Манас" эпосунан Каныкейдин Тайторуну чапканынан үзүндү айтылды.

Ошондой эле концерттик программа чет өлкөдөн келген олонхо, кайчы, жангар жана дастан айтуучулардын катышуусу менен уланып, Кыргызстандын өнөр адамдары катышкан концерттик программа менен коштолду.

Мейман катары Кыргызстандагы бир катар элчиликтер, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, коомдук-маданий ишмерлер катышты.

0
Белгилер:
Кыргызстан, эпос, фестиваль, манасчы
Тема боюнча
Алтайдан келген артист: манас угуп, анын жан дүйнөбүзгө жакын экенин түшүндүк