Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынан күмүш медаль утту. Видео

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWКыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Бул Кыргызстандын Токио Олимпиадасындагы экинчи күмүш медалы болду. Кечээ грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш байгеге татыган.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынын алтын медалын ута албай калып, күмүш байгеге татыды. Финалдык беттеште ал упай айырмасында япониялык Юкако Каваиге жеңилди.

Эсеп япониялык кыздын пайдасына чечилип, оюн 4:3 менен аяктады. Ошентип Айсулуу Тыныбековага Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медаль тийди.

© AFP / JACK GUEZАйсулуу акыркы секундагы чейин күчүн үрөп күрөштү. Эсепте теңегенге саналуу секундалар жетпей калды
Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынан күмүш медаль утту. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Айсулуу акыркы секундагы чейин күчүн үрөп күрөштү. Эсепте теңегенге саналуу секундалар жетпей калды

Айсулуу акыркы секундага чейин күчүн үрөп күрөштү. Эсепти теңегенге саналуу секундалар жетпей калды.

Беттеш кандай жүрдү?

Юкако Каваи кыргызстандык спортчунун чабуулдарын өткөрбөй, коргонууда бекем турду. Адегенде япониялык кыз чабал күрөшкөнү үчүн калыс ага эскертүү берип, Тыныбековага бир упай ыйгарган. Андан кийин Каваи Тыныбекованын бутуна кирип эки упай алып, биринчи бөлүк ошону менен жыйынтыкталды. Экинчи бөлүктө Каваи активдүү күрөшүп, дагы эки балл алды. Эсеп бул мүнөттөрдө 4:1ге жетти. Бул жерде Айсулуу демилгени колго алып, чабуул жасап, 2 упай алды. Бул учурда беттештин бүтөрүнө 4 секунда калган эле. Тыныбекова ыкманы жасап жатканда атаандашы чийинден чыга качты. Эреже боюнча, мындай кадамдарга (чыга качканы үчүн - ред.) эскертүү берилиши керек. Айсулуу машыктыруучу Нурбек Изабековдон сурап, челленж талап кылууну кеңешти. Бирок ага машыктыруучу макул болбогондуктан күрөш уланды. Тыныбекова акыркы 4 секундада каршылашынын бутуна кирип чабуул жасап, бирок ал аракети ийгиликсиз болуп, убакыт да жетишкен жок. Белгиленген мүнөттөр аяктап, япониялык Юкако Каваи Олимпиада оюнунда алтын медаль алды. Ал эми күмүш байге Айсулууга берилди. 

Эскерте кетсек, буга чейин эки атаандаш — Айсулуу менен Юкако килемде бир нече ирет беттешкен. Биринчиси 2019-жылы болуп, дүйнө чемпионатында кыргызстандык атлет утса, 2020-жылы Азия биринчилигинде жеңишти япониялык кыз алып кеткен. 

Бул Кыргызстандын Токио Олимпиадасындагы экинчи күмүш медалы болду. Кечээ грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш байге тагынган. Ал эми кыздар күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге утту. Кыргызстан баш-аягы Токио Олимпиадасынан үч медалдуу болду. 

Кыргызстандан Токио шаарына, XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт.

Айсулуу Тыныбекованын жетишкендиктери

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын финалдык беттеши учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Бали! Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынан күмүш медаль утту. Сүрөт
Айсулуу Тыныбекова Лондон-2012 Олимпиадасына катышып 13-орунга жеткен. 2013-жылы Дүйнөлүк универсиадада коло байге тагынган. 2014-жылы Азия оюндарынан коло, ал эми Азия чемпионатынан күмүш байге уткан. 2015-жылы Азия биринчилигинде экинчи орунду ээлеп күмүш байгеге татыган. 2016-жылы Азия чемпиону болгон. Ушул эле жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарында бешинчи орунду алган.  2017-жылы Азия чемпионатында кайрадан алтын байге уткан. Ушул эле жылы Ислам тилектештиги оюндарында чемпион болгон. 2018-жылы өткөн Азия оюндарынын жеңүүчүсү. 2019-жылы үчүнчү ирет Азия чемпиону болууга жетишкен. Ушул эле жылы дүйнө чемпионатында жеңип, алтын медаль тагынган. 2020-жылы болсо Дүйнө кубогу мелдешин жеңген. Учурда 28 жашта. 

Жаңылыктар түрмөгү
0