Эмоция кайнап, ыйлагым келип турат. Айсулуунун Токиодогу алгачкы билдирүүсү

© AFP / JACK GUEZКыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова ичинде эмоция кайнап турганын жашырган эмес. Ошол эле учурда ал калган спортчуларга ийгилик каалап, баары жакшы экенин жазган.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодо өткөн Олимпиадада финалдык беттештен кийин алгачкы билдирүүсүн Facebook баракчасына жарыялады.

Спортчу колдоо көрсөткөн кыргыз элине рахматын айткан.

"Кадырлуу кыргыз элим! Ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам. Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат... Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык! Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз", — деп жазган ал.

Тыныбекова калган спортчуларга ийгилик каалап, баары жакшы экенин белгилеген.

О, кудай! Садыр Жапаров жубайы менен Айсулуунун беттешин көргөн видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
О, кудай! Садыр Жапаров жубайы менен Айсулуунун беттешин көргөн видеосу
"Азыр болсо өлкө намысын кийинки беттештерде коргой турчу спортчуларыбызга ийгилик каалайм. Кыргыз элимдин алтынга болгон үмүтү үчүн күрөшүңүздөр! Алга! Баары жакшы! Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат!" — деген спортчу.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль утту. Бул Кыргызстандын Токио Олимпиадасындагы экинчи күмүш медалы болду. Кечээ грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш байге тагынган. Ал эми кыздар күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге утту. Кыргызстан Токио Олимпиадасынан баш-аягы үч медалдуу болду.

Кыргызстандан Токио шаарына, XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0