Австралиялык спортчу кыз Токио Олимпиадасынан 7 медаль утуп алды. Сүрөт

© AP Photo / Gregory BullАвстралиялык спортчу Эмма Маккеон
Австралиялык спортчу Эмма Маккеон  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
27 жаштагы Маккеон уткан медалдарды Олимпиадага катышып жаткан 205 мамлекеттин ичинен 186 өлкөнүн жалпы спортчулары ала элек.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Австралиялык спортчу Эмма Маккеон сууда сүзүү боюнча Токио Олимпиадасынын жети медалын утуп алды. Бул туурасында Олимпиаданын расмий сайтында көрсөтүлгөн.

Ал сууда сүзүүнүн ар кандай түрү боюнча катышып төрт алтын, үч коло байгеге ээ болгон.

Спортчу алтын медалды 100 жана 50 метрге эркин сүзүүдөн, 100 метрге эркин сүзүү боюнча 4 адамдык эстафетадан, 100 метрге комплекстүү сүзүү боюнча 4 адамдык эстафетадан уткан.

Синхрондук сууга секирүү боюнча олимпиада чемпиону, британиялык Том Дейли  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Токио оюндарында кийим токуп отурган олимпиада чемпиону соцтармакты жарды. Видео
Ал эми 100 метрге баттерфляй ыкмасы менен сүзүүдөн, 100 метрге эркин сүзүү боюнча 4 адамдык эстафетадан жана 100 метрге аралаш комплекстүү сүзүү боюнча 4 адамдык эстафетадан коло медаль тагынган.

Учурда Маккеон Токио Олимпиадасында ийгиликке жетишкен спортчулардын экинчи сабында турат. Биринчи орунду сууда сүзүүдөн 5 алтын медаль уткан америкалык Калеб Дрессел ээлейт.

Ал эми Эмма Маккеондун өлкөсү Австралия медалдардын саны боюнча 5-орунга чыккан. Бир эле Маккеон уткан медалдарды Олимпиадага катышып жаткан 205 мамлекеттин ичинен 186 өлкөнүн жалпы спортчулары ала элек.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Emma McKeon (@emmamckeon)

Эмма Маккеон 27 жашта, 2016-жылы Рио-де-Жанейро Олимпиадасында бир алтын, эки күмүш, бир коло байгеге ээ болгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Emma McKeon (@emmamckeon)

Атасы Рон Маккеон жана бир тууган агасы Дэвид Маккеон да сууда сүзүү менен алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0