Нурбек Изабеков: Айсулуу менен Париж Олимпиадасына даярданабыз деген ниет бар. Видео

© Фото / Айсулуу ТыныбековаКыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Пресс-атташе машыктыруучу Нурбек Изабековдон Айсулуу Тыныбекова финалда анын айткан ыкмаларын ишке ашыра алган-албаганын да сураган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков балбандар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызынын Олимпиада оюндарындагы беттештери туурасында пикирин билдирди. Аны менен Кыргызстандын спорт делегациясынын пресс-атташеси Кабыл Макешов маектешти.

Нурбек Изабеков алгач жалпы кыргызстандыктарды Токио Олимпиадасында үч медаль алышы менен куттуктап, дем-күч берип колдогондору үчүн терең ыраазычылык айтты.

"Айсулуу алтын үчүн беттеште жеңилүүгө дуушар болду. Бул спорт, спортто, албетте, күчтүүлөр жеңет. Япониялык балбан жакшы даярдыкта келди, өзүнүн жеринде күрөштү. Айсулуу күмүш медаль алды. Кандай болгон күндө дагы биз үчүн чоң ийгилик, аны сезишибиз керек. Бул 2024-жылы Парижде боло турчу Олимпиадага ишенич берди. Спортчуларыбыз кийинки оюнда жогору тепкичке көтөрүлүп, бир нече алтын медаль ута алышат деп ишендирип айтып кете алам. Биз буга бүгүндөн тарта даярдыктарды көрүүдөбүз. Күмүш медаль болгондо же ыйлаарымды, же күлөрүмдү билбеген бир сезим калып калды, муну убакыт гана жеңет экен. Дагы деле өзүбүзгө келе элекпиз. Бир жумада калыбыбызга келип, анализдеп талдоо жүргүзөбүз", — деди спортчу кыздардын машыктыруучусу.

Пресс-атташе Кабыл Макешов Айсулуу Тыныбекова финалда кез келген Юкако Каваи менен Олимпиадага чейин үч ирет кармашып, бир ирет жеңилгенин белгилеп, машыктыруучудан спортчу финалда айткан ыкмаларын ишке ашыра алган-албаганын сурады.

Кыргыздын баатыр кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашта ар бир упай үчүн жан үрөп, япониялык атаандашы Юкако Каваинин (62 килограмм) чабуулунан коргонуп жаткан чагы. 4-август, 2021-жыл. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Сүйүнүч, күйүт, кайнаган эмоция! Кыргыз балбандарынын Олимпиададагы ирмемдери
"Бул ирет төртүнчү жолу беттешишти. Экөө бири-бирин жакшы билет. Айсулуу мен айткандын бардыгын жасаганга аракет кылды. Анткен менен бул спорт. Алты мүнөт күрөшүштү. Жалпы төрт беттеште тең өзүнүн койгон максаттарын аткарды. Бардык мүмкүнчүлүгүн, акыл-эсин, күч кубатын жумшады", — деди Изабеков.

Ошондой эле ал коло байге ээси Мээрим Жуманазарова менен бешинчи орунду алган Айпери Медет кызына өз баасын берип, Айсулуу менен Париж Олимпиадасына даярдык көрүү планы бар экенин айтты.

"Азыркы оюнга Рио Олимпиадасынан (2016-жыл) бери даярдык көрүп келе жатабыз. Кыздарыбыз жакшы даярданды. Айпери менен Мээрим 22 жашта. Психологиялык жактан Айпери кызыбыз кичине ишене албай калдыбы, жаштык кылды. Анткен менен медалга татыктуу болчу. Кудай буюрса, кийинки Олимпте Мээрим менен Айпери намыска жарайт деген ишенич бар. Айсулуу менен да Париж Олимпиадасына даярдык көрөбүз деген ниет бар", — деди башкы машыктыруучу.

Пресс-атташе Кабыл Макешов машыктыруучу Нурбек Изабековдон балбан кыздарды сүрөп атып үнү бүтүп калганын айтканда, "ар бирөө төрттөн беттеш өткөрдү. Жалпы 12 беттеш. Ар бир мелдештен кийин ушундай болот, бул көнүмүш адат. Бир жумада үнүбүз калыбына келет" деп жооп узатты.

Токио Олимпиадасында күмүш байге уткан Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова сыйлоо аземи учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Олимпиада: Кыргызстан медаль боюнча Борбор Азияда алдыңкы сапка чыкты
Эске салсак, Токиодо болуп жаткан Олимпиада оюндарынан учурда Кыргызстан эки күмүш жана бир коло алды. Тагыраагы, 68 килограмм салмакта мелдешке чыккан Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын утуп, эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиада медалын тагынган алгачкы балбан кыз болуп калды.

Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта күрөшүп экинчи орунду камсыздап, Олимпиаданын күмүш медалын тагынды. Финалдык айыгышкан кармашта япониялык Юкако Каваиге 4:3 эсебинде утулду. Тыныбекова тарыхта Олимпиаданын күмүш медалын тагынган алгачкы балбан кыз болуп калды.

Грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта ат салышып, Олимпиаданын күмүш медалын утту. Алтын байге үчүн финалдык беттеште ал венгриялык тажрыйбалуу балбан Тамаш Лёринцке 2:1 эсебинде жеңишти алдырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0