Балбан Акматалиев Олимпиададагы оюндарын медалсыз жыйынтыктады

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWЭркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Олимпиада-2020да Бажранг Пуния менен таймашта
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Олимпиада-2020да Бажранг Пуния менен таймашта - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Индиялык спортчу финалга чыкканда Акматалиев коло байге үчүн таймашка чыгууга укук алмак. Кыргыз спортчусу ушуну менен Олимпиададагы оюнун жыйынтыктады.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта күрөшкөн индиялык балбан Бажранг Пуния Олимпиада-2020 мелдешинин жарым финалында жеңилип калды. Финалга чыгуучу таймашта ал азербайжандык Гаджи Алиев менен кармашты. Эки бөлүктөгү таймаштын жыйынтыгы менен азербайжандык атлет 12:5 эсебинде жеңишти илип кетти.

Муну менен кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиевдин медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгү жокко чыкты.

65 килограмм салмакта ат салышкан кыргызстандык спортчу 8/1 финалда индиялык балбан менен таймашып, утулуп калган. Эсеп 3:3 менен аяктаган. Индиялык балбандын упайынын сапатына артыкчылык берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0