Олимпиада: жөө күлүк Дарья Маслова марафондо чуркап, байгелүү орунга жеткен жок

© REUTERS / FELINE LIMКыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова
Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жазылуу
Марафондо жалпысынан 88 жеңил атлетчи жарышка чыккан. Кыргызстандык спортчу кыз олимпиада чемпионунан сегиз мүнөттөй артта калган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Олимпиада оюндарындагы марафондо (42 чакырым 195 метр) чуркап, марага 36-болуп келди. Мелдештин жыйынтыгын Олимпиаданын уюштуруу комитети расмий сайтына чыгарды.

Жалпысынан 88 жеңил атлетчи жарышка чыккан.

Кыргызстандык атлет кыз 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 35 мүнөт 35 секунда убакытта чуркап келген.

Бул жарышта Кения өлкөсүнүн спортчусу Перес Жепчирчир биринчи болуп (2 саат 27 мүнөт 20 секунда) келип, олимпиада чемпиону болду.

Дарья Маслова муну менен Олимпиадалык оюндарын жыйынтыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0