Садыр Жапаров Олимпиададан медаль менен кайткандарга белек убадалады

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Садыр Жапаров "Ала-Тоо" аянтында Олимпиаданын катышуучуларын жана байге алган спортчуларды куттуктоо учурунда
Президент Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтында Олимпиаданын катышуучуларын жана байге алган спортчуларды куттуктоо учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жазылуу
Президент Жапаров Олимпиадага мыктылардын мыктысы баргандыктан ал жерде жеңишке жетүү оңой эмес экенин айтты.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Токио Олимпиадасынан байге менен кайткан спортчуларга өзүнүн атынан белек убадалады. Бул тууралуу ал "Ала-Тоо" аянтында Олимпиаданын катышуучуларын жана байге алган спортчуларды куттуктап жатып айтты.

Ошондой эле ал күмүш медаль алган Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана коло медалга жеткен Мээрим Жуманазарова эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата кыргызстандыктарга чоң белек кылганын билдирди.

"24 күндөн кийин эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгын белгилейбиз. Мындан тышкары, бизде өлкө башчылардын байгелүү спортчуларга белек бермей салтыбыз бар. Мен сиздерге өз белегимди даярдап жатам", — деди Жапаров.

Спортчуларга сөз бербей... Жапаров министр Иманалиевге сөгүш жарыялады. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Спортчуларга сөз бербей... Жапаров министр Иманалиевге сөгүш жарыялады. Видео
Президент Олимпиадага мыктылардын мыктысы баргандыктан ал жерде жеңишке жетүү оңой эмес экенин кошумчалады.

"Кыйындардын арасында кыйындыгыңды далилдеп медаль алуу — бул чоң жетишкендик. Мунун артында чоң эмгек жана патриоттуулуктун үлгүсү турат. Ийгилигиңер менен миңдеген жүрөктөрдү багындыра алдыңар. Алдыда чемпиондор мындан дагы көп болоруна ишенем", — деди президент.

Ошондой эле ал машыктыруучуларга, спортчулардын ата-энесине ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0