Кыргызстандын футболчулары Азия кубогуна даярдана баштайт

© AFPФутбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасы. Архив
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Жазылуу
Өлкөнүн башкы командасы Азия кубогу-2023 мелдешине даярдыктын алкагында өз үйүндө жолдоштук беттештерди өткөрөт.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасы Бишкектеги борбордук стадиондо оюн өткөрөт. Бул тууралуу өлкөнүн Футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Башкы команда Азия кубогу-2023 мелдешине даярдыктын алкагында өз үйүндө жолдоштук беттештерди өткөрөт.

"Улуттук курама команда узак тыныгуудан кийин өз аренасына кайтып келет. Азия кубогу-2023 тандап алуу оюндарына даярдык көрүү үчүн улуттук курама бир нече жолдоштук беттештерди өткөрөт. Биринчи беттеш Палестина улуттук курамасы менен болот", — деп айтылат маалыматта.

Оюн 2-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. КФУ күйөрмандардын оюнга кирүүсү, билеттер тууралуу кененирээк маалыматты кийинчерээк айтарын билдирди.

Эске салсак, Кыргызстан өз талаасында акыркы расмий беттешин 2019-жылдын 19-ноябрында Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Тажикстандын курама командасы менен өткөргөн. Беттеш 1:1 менен аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0