Каныкей Кубанычбекова: мени урушкандардын баарына ыраазымын!

© Sputnik / Табылды КадырбековТокио Олимпиадасынын катышуучусу Каныкей Кубанычбекова
Токио Олимпиадасынын катышуучусу Каныкей Кубанычбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Жазылуу
Токио Олимпиадасында Кыргызстандын туусун көтөрүп чыккан спортчу Каныкей Кубанычбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине келип Олимпиададагы сезимдери, спорттогу таржымалы туурасында маек куруп кеткен.

Буга чейин ок атуу боюнча Олимпиада оюндарына көп жылдан бери Кыргызстандын атынан спортчу чыга элек эле.

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКаныкей Кубанычбекова Токио Олимпиадасында Кыргызстандын туусун көтөрүп чыккан
Каныкей Кубанычбекова: мени урушкандардын баарына ыраазымын! - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Каныкей Кубанычбекова Токио Олимпиадасында Кыргызстандын туусун көтөрүп чыккан

— Олимпиадага катышып, жоопкерчилик абдан чоң болду. Эл алдында туу көтөрүп чыктыңыз. Токиодо сизди кандай сезимдер коштоду?

— Спорттун ок атуу түрү менен 2010-жылдан баштап машыгам. Машыктыруучум экөөбүз башынан эле Олимп оюндарына катышууну ойлоп келгенбиз. Риодогу Олимпиадага жетишпей калдык. Ал эми Токио Олимпиадасын бир жыл артка жылдырганы мен үчүн оңдой берди болду десем жаңылышпайм. Бир жыл тынбай даярданып, ошону менен Токиого бардым. Тилекке каршы, мыкты жыйынтык көрсөтө алган жокмун. Ага упайым бир аз жетпей калды. Бирок даярдыгым жакшы болчу. Өз жыйынтыгымды көргөндөн кийин эле "Париж Олимпиадасына даярданам" деген жаңы мотивация менен план коюп, стимул алдым. Буюрса келечекте мыкты даярдык менен барып, эл-жеримдин намысын коргойм деген максатым бар. Желекти көтөрүп бара жатканда абдан сонун сезимде болдум, себеби ата-энемдин эмгегин актоо менен кыргыздын намысын сактоо менин башкы милдеттеримден эле. Бир чети толкундандым, экинчиден сыймыктандым. Ошону менен бирге мекенге олжолуу кайтууну, биздин спортчулардын байгелүү келишин жараткандан тиленип бара жаттым.

© Фото / из личного архива Каныкей КубанычбековойКаныкей Кубанычбекова: Спорттун ок атуу түрү менен 2010-жылдан баштап машыгам. Машыктыруучум экөөбүз башынан эле Олимп оюндарына катышууну ойлоп келгенбиз. Риодогу Олимпиадага жетишпей калдык. Токио Олимпиадасын бир жылга жылганы мен үчүн оңдой берди болду.
Каныкей Кубанычбекова: мени урушкандардын баарына ыраазымын! - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Каныкей Кубанычбекова: Спорттун ок атуу түрү менен 2010-жылдан баштап машыгам. Машыктыруучум экөөбүз башынан эле Олимп оюндарына катышууну ойлоп келгенбиз. Риодогу Олимпиадага жетишпей калдык. Токио Олимпиадасын бир жылга жылганы мен үчүн оңдой берди болду.

— Бизде ок атуу экинчи планда каралат эмеспи. Бул спортко кантип жана эмне себептен келип калдыңыз?

— Атамдын айтуусу менен келгем, аябай жакты. Сиз айткандай эле бизде күрөш, дзюдо сыяктуу түрлөргө артыкчылык берилет. Бирок спорттогу тандаган жолума өкүнбөйм. Бизден ок атуу боюнча олимпиадалык чемпион Александр Мелентьев чыккан. Агайым мага бул спорттун тарыхын үйрөтүп, көп маалымат берди. Чогуу да изилдедик. Бизден чыккан чемпиондорду укканда абдан кызыктым. Мен спортту приоритеттүү же приоритеттүү эмес деп да бөлгөн жокмун. Ок атуу — дайыма баалуу жана элиталык спорттун түрүнө кирет. Мылтыгыбыз да, экипировкабыз да абдан кымбат болгондуктан башында аларды алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок болчу. Ага карабастан бул спорттун биздеги күчтүү тарыхы мени шыктандырып, эски эле форма менен чыгып жүрдүм. Чынында Александр Мелентьевдин рекордун канча жылдан бери эч ким кайталай алган эмес, акыркы 2017-жылы гана корей спортчусу рекордду жаңырткан.

© Фото / из личного архива Каныкей КубанычбековойКаныкей Кубанычбекова: Бир жыл тынбай даярданып, ошону менен Токиого бардым. Тилекке каршы, мыкты жыйынтык көрсөтө алган жокмун. Ага упайым бир аз жетпей калды. Бирок даярдыгым жакшы болчу.
Каныкей Кубанычбекова: мени урушкандардын баарына ыраазымын! - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Каныкей Кубанычбекова: Бир жыл тынбай даярданып, ошону менен Токиого бардым. Тилекке каршы, мыкты жыйынтык көрсөтө алган жокмун. Ага упайым бир аз жетпей калды. Бирок даярдыгым жакшы болчу.

— Сиз азыр жеке спортчу гана эмес, машыктыруучулукту да аркалап, жакшы жыйынтык көрсөтүп жатасыздар. Аталган спорттун өлкөдөгү абалын да билесиз. Жаштарыбыздын кызыгуусу канчалык, дегеле бул спортко кандай көңүл бурулуп жатат?

— Аталган спорттун жакшы жагы - жаш куракка карабайт. 12 жаштан баштап эле мүмкүнчүлүк болсо машыга берүүгө болот. Мисалы, балериналар 20-30 жаштан кийин акырындап кесибинен алыстай баштайт. Бул спортто ар дайым машыгып, жыйынтык көрсөтсөң болот. Ок атуу тууралуу көп адамдар жакшы биле бербейт. Бирок азыр жаштар арасында кызыгуу күчөдү. Анткени Кыргызстан Улуттук олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов атайын спорт комплексин салып бергенден кийин машыгууга көп мүмкүнчүлүктөр, шарттар түзүлдү. Буга чейин электрондук буталарыбыз жок, кагаз буталарды пайдаланчубуз. Бир эле аскор (бута) беш миң доллар турат. Андай аскордон онду алып бергенден кийин биз үчүн машыгуу абдан оңой болду. Анын жардамы менен аткандан кийин дароо жыйынтык чыгып калат. Ок атуу спортунун машыгуу жайы ачылганы — ишибиз илгериледи.

© Фото / пресс-служба Федерации стрелкового спорта КРКубанычбекова: Ок атуу тууралуу көп адамдар жакшы биле бербейт. Бирок азыр жаштар арасында кызыгуу күчөдү. Анткени Кыргызстан Улуттук олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов атайын спорт комплексин салып бергенден кийин машыгууга көп мүмкүнчүлүктөр, шарттар түзүлдү.
Каныкей Кубанычбекова: мени урушкандардын баарына ыраазымын! - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Кубанычбекова: Ок атуу тууралуу көп адамдар жакшы биле бербейт. Бирок азыр жаштар арасында кызыгуу күчөдү. Анткени Кыргызстан Улуттук олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов атайын спорт комплексин салып бергенден кийин машыгууга көп мүмкүнчүлүктөр, шарттар түзүлдү.

— Көпчүлүгүн сиз тууралуу маалыматтар кызыктырып жатты. Бала чагыңыз, деги эле өзүңүз тууралуу айтып кетсеңиз?

— Атам Таластан, апам Ысык-Көлдөн болот. Өзүм шаарда төрөлүп-өскөм, таластыкмын. Кичинемде вокалга жана бийге барчумун. Анан бул спортту билип, машыктыруучум менен таанышкандан кийин ок атуу менен машыгып калдым.

Мээрим Жуманазарованын апасы жана атасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Мээрим Жуманазарованын атасы Рахмадил: кызымдын мүмкүнчүлүгү мындан да чоң болчу
Үй-бүлөдө алты бир туугандын улуусумун. Карапайым үй-бүлөдө чоңойдум. Атам спорттун фанаты. Жаш кезинде футбол, волейбол менен машыкчу. Бирок чоң атам эрте каза болуп калгандыктан атамдын чоң спортко аралашууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Ошондуктан бардык күчүн, аракетин балдарына жумшады. "Силерден чыгышы керек, аракет кылсаңар эле баары болот. Кудайым силерге берет" деп бизди шыктандырып турат. Утулуп келген убакта да ата-энем "талыкпай машыккыла, кудайым бир күнү берет" дешет.

Олимпиададагы жыйынтытыгымды көрүп өзүмө абдан нааразы болдум. Машыктыруучум да ойлонуп калды. Агайым ызасын мага билдирбей, "буюрса дагы утабыз, машыгабыз" деп жатканы менен ичинен ал да ыйлап жатты. Мен да ыйладым. Элибиздин жарымы мени колдоду, жарымы "даяр болбосоң, неге бардың?" деп урушту. Бирок мен даяр болчумун, болгону онунчу ядродон бир аз айырма болуп калды. Психологиялык жактан да өзүм жыйнала албай койдум.

© Фото / пресс-служба Федерации стрелкового спорта КРКубанычбекова: Олимпиададагы жыйынтытыгымды көрүп өзүмө абдан нааразы болдум. Машыктыруучум да ойлонуп калды. Агайым ызасын мага билдирбей, "буюрса дагы утабыз, машыгабыз" деп жатканы менен ичинен ал да ыйлап жатты. Мен да ыйладым.
Каныкей Кубанычбекова: мени урушкандардын баарына ыраазымын! - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Кубанычбекова: Олимпиададагы жыйынтытыгымды көрүп өзүмө абдан нааразы болдум. Машыктыруучум да ойлонуп калды. Агайым ызасын мага билдирбей, "буюрса дагы утабыз, машыгабыз" деп жатканы менен ичинен ал да ыйлап жатты. Мен да ыйладым.

— Мындай дүйнөлүк мелдеште даярдык жана психологиялык абал өтө маанилүү. Олимпиадага жолдомо алуу да оңой эмес экени белгилүү да. Лицензия алуу сизге канчалык кыйын болду?

— Лицензия алуу үчүн акыркы беш жылда өз ишимди так аткарып, онлайн түрдөгү эл аралык мелдештерге да катышып жаттым. Ошол даярдыктардын негизинде эле лизенцияга ээ болдум.

Аябай эле даярдангам. Ар бир жеңилүү кийинки ийгиликке жол ачышы мүмкүн, бирок ушул жолку жеңилүүм мага абдан оор тийди. 10 метр аралыктан аттык. Ал жактагы спортчулардын баары эле ондук талаасына тийгиздик, бирок ийненин көзүндөй эле айырмачылыктар тагдырыбызды чечип койду. Бул жеңилүүдөн мен чоң күч, стимул алдым. Бүгүндөн баштап Азия чемпионатына даярданып баштайм.

— Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу бүгүнкү ийгилигине он жыл убактысы кеткенин айтты. Сиз Олимпиадага чейин канча жыл машыктыңыз?

— Мен 11 жыл машыктым.

© Фото / Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта при ПКРКубанычбекова: Элибиздин жарымы мени колдоду, жарымы "даяр болбосоң, неге бардың?" деп урушту. Бирок мен даяр болчумун, болгону онунчу ядродон бир аз айырма болуп калды. Психологиялык жактан да өзүм жыйнала албай койдум.
Каныкей Кубанычбекова: мени урушкандардын баарына ыраазымын! - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Кубанычбекова: Элибиздин жарымы мени колдоду, жарымы "даяр болбосоң, неге бардың?" деп урушту. Бирок мен даяр болчумун, болгону онунчу ядродон бир аз айырма болуп калды. Психологиялык жактан да өзүм жыйнала албай койдум.

— Коңшу өлкөлөрдө ок атуу спорту боюнча бизге салыштырмалуу абал кандай?

— Казакстанда бул спорттун түрү катуу өнүгүп жатат. Өзбекстандын жагдайы биздикиндей эле, бирок Тажикстандан алдыдабыз. Эми Азия чемпионаты Казакстандын Чымкент шаарында өтөт, коңшулардан ким күчтүү экени ошондо билинет. Азия мамлекеттеринин ичинде ок атуу боюнча Кыргызстан ортодо турат. Даярдык, каржы жагынан жакшы кам көрүлсө жыйынтык жогору болмок деп ойлойм. Анткени ок атуу спортунда башка спорт жайларында да атып көрүп, көнүгүү үчүн мелдештер, сынактар көп өткөрүлүп турушу керек. Бирок азыр Спорт агенттиги тарабынан мурункуга караганда бизге жакшы көңүл бурулуп, федерациянын жетекчилиги алмашкандан бери ишибиз алга жылууда. Азыр биздин федерация эл аралык деңгээлге чыкты. Федерацияда кыздар жана балдардын өз-өзүнчө пистолет жана винтовка боюнча топтору бар. Ар бир түр боюнча үчтөн спортчу, ошондо курама командада 12 спортчу машыгат.

— Олимпиададан кийин жашооңузда эмне өзгөрдү?

— Келгениме эки жума болду, анчалык деле өзгөрүүнү сезген жокмун. Ошол эле Каныкеймин. Болгону, келгенден кийин айылга барып, кайра огороддо иштедим. Чоң апамдын, коңшулардын батасын алдым. Утуп келсем мүмкүн медалым менен башкача сый көрмөктүрмүн (күлүп). Ал эми машыгуумду улантканыма үч эле күн болду. Париж Олимпиадасына үч жыл калды. Негизи спортчуларды формага кирди же формага кире элек деп бөлөт. Азыр формадамын. Айсулуу эже (Тыныбекова — ред.) айткандай, эми күйөөгө тийбей, тынбай машыгам (күлүп).

© Sputnik / Табылды КадырбековКаныкей Кубанычбекова: Азыр 21 жаштамын. Жигитим жок. Жигиттер менен сүйлөшүүгө убактым да жок. Кол алдымда машыккан балдарым бар, алар менен алекмин. Мындан ары деле жигитим болбойт, машыгууларымды улантам. Париж Олимпиадасына чейин жеке жашоону ойлонбойм.
Каныкей Кубанычбекова: мени урушкандардын баарына ыраазымын! - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Каныкей Кубанычбекова: Азыр 21 жаштамын. Жигитим жок. Жигиттер менен сүйлөшүүгө убактым да жок. Кол алдымда машыккан балдарым бар, алар менен алекмин. Мындан ары деле жигитим болбойт, машыгууларымды улантам. Париж Олимпиадасына чейин жеке жашоону ойлонбойм.

— "Күйөөгө тийбейм" деп калдыңыз. Социалдык тармактарда сиздин жаш экениңизди белгилеп, жеке турмушуңузга кызыккандар да көбөйүп жатат. Жигитиңиз барбы?

— Азыр 21 жаштамын. Жигитим жок. Жигиттер менен сүйлөшүүгө убактым да жок. Кол алдымда машыккан балдарым бар, алар менен алекмин. Мындан ары деле жигитим болбойт, машыгууларымды улантам. Париж Олимпиадасына чейин жеке жашоону ойлонбойм.

Мен сын-пикир айткандардын баарына ыраазымын. Анткени алар да Кыргызстан үчүн күйүп-бышып кабатыр болуп жатышат. Мактап, колдогондорго да рахмат! Кыргызстандыктарга айтарым, желегибиз желбирей берсин. Айсулуу Тыныбекова эжебиз башыбызды бириктире алды, алдыга ушундай биримдикте кадам таштайлы.

Жаңылыктар түрмөгү
0