Грек-рим күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов

Акжол Махмудов 2-сапка чыкты. Кыргыз балбандарынын дүйнөлүк рейтингдеги орду

4077
(жаңыланган 16:19 11.08.2021)
Рейтинг Олимпиада оюндарынан кийин жаңыланган. Мында биринчи орунду Махмудовдун финалдагы атаандашы ээледи.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов дүйнөдөгү балбандардын ичинен экинчи орунга чыкты. Бул туурасында Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) расмий сайтындагы жаңыланган рейтингде жазылган.

Кыргызстандык балбан 77 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгат. Аталган рейтинг Олимпиада оюндарынан кийин жаңыланган. Мында биринчи орунду Махмудовдун финалдагы атаандашы венгриялык Тамаш Лёринц ээледи.

Грек-рим күрөшү боюнча Улуттук курама командадагы башка балбандардын алды алтынчы, арты 20-сапта турат.

55 килограмм

  • Нурмухаммет Абдуллаев — 9-орун.

60 килограмм

  • Жоламан Шаршенбеков — 13-орун.
Борец греко-римского стиля из Кыргызстана Жоламан Шаршенбеков после победы в финале Кубка мира по спортивной борьбе россиянина Степана Маряняна
Жоламан Шаршенбеков — 13-орун

63 килограмм

  • Урмат Аматов — 17-орун.
Борец греко-римского стиля Урмат Аматов во время чемпионата Азии по спортивной борьбе в Бишкеке. 27 февраля 2018 года
© пресс-служба ГАМФКиС
Урмат Аматов — 17-орун

67-килограмм

  • Амантур Исмаилов — 20-орун.
Борец Амантур Исмаилов из Кыргызстана и Чжан Гаоцюань из Китая во время борьбы за бронзу на Азиаде в Джакарте
© REUTERS / Issei Kato
Амантур Исмаилов — 20-орун

72 килограмм

  • Руслан Царев — 10-орун.
Борец греко-римского стиля Руслан Царев во время тренировки
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Руслан Царев — 10-орун

77 килограмм

  • Акжол Махмудов — 2-орун;
Борец греко-римского стиля Акжол Махмудов до 77 кг на чемпионате мира среди молодежи
Акжол Махмудов — 2-орун
  • Кайрат Түгөлбаев — 17-орун.

82 килограмм

  • Калидин Асыкеев — 6-орун.

87 килограмм

  • Атабек Азисбеков — 8-орун.
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Атабек Азисбеков в финале чемпионата Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Атабек Азисбеков — 8-орун

97 килограмм

  • Бексултан Махмудов — 18-орун.

130 килограмм

  • Мурат Рамонов — 19 орун.
Супертяжеловес (до 130 кг) кыргызстанец Мурат Рамонов выиграл бронзу на чемпионате Азии
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мурат Рамонов — 19 орун
4077
Белгилер:
Акжол Махмудов, рейтинг, дүйнө, күрөш, балбан
Тема боюнча
Кыргызстандан эки эсе көп. Борбор Азиядагы Олимпиада жеңүүчүлөрүнүн сый акысы
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи
Айсулуу күмүш алганына карабай дүйнөлүк рейтингде биринчиликтен түшкөн жок
Көк бөрү боюнча мелдеш. Архив

Манас Ниязов баштаган 23 көк бөрүчү эл аралык даражадагы спортчу болушту

39
Эл аралык деңгээлдеги спорттук наам 23 улакчыга берилди. Алардын баары I, II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү болушкан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Үч жолу өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү болгон көк бөрүчүлөргө Кыргызстандын эл аралык даражадагы спорт чебери наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.

Жалпысынан 23 балбан билек улакчы наамга татыган.

"Кыргызстандын Бирдиктүү спорттук классификациясынын талаптары менен чегин аткаргандыгынын негизинде көк бөрү боюнча "Кыргыз Республикасынын Эл аралык класстагы спорт чебери" деген наамы менен I, II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү сыйланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Тизме:

  • Марлис Койгелдиев
  • Урмат Шерипбеков
  • Жолдошбек Орозбаев
  • Урмат Раушан уулу
  • Тынычбек Алыбаев
  • Сейитбек Анарбек уулу
  • Чубак Нурманбет уулу
  • Манас Ниязов
  • Айбек Темирбаев
  • Кубаныч Султан уулу
  • Рустам Тыналиев
  • Эрлан Төлөбеков
  • Уланбек Насакеев
  • Азат Насыпбеков
  • Айбек Иманалиев
  • Нурбек Юсупов
  • Темир Молдакулов
  • Айбек Эсеналиев
  • Байыш Ниязов
  • Урмат Мусаев
  • Улан Кыбраев
  • Аскат Батырбек уулу
  • Белек Мукаев

Наам Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 144-Н буйругу менен ыйгарылды.

39
Белгилер:
Көк бөрү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, наам, спорт
Тема боюнча
Айсулуу, Акжол баштаган чемпиондорго Таласта сый көрсөтүлдү. Сүрөттөр
Чүйдүн улакчылары көк бөрү боюнча республикалык мелдеште чемпион болушту
Сборные Кыргызстана и Бангладеша во время матча, в рамках Кубка трех наций, на стадионе имени Долона Омурзакова в Бишкеке. 07 сентября 2021 года

Кыргызстандын футболчулары Омандын командасынан утулуп калды

218
Мындан ары Кыргызстандын курамасы Азиянын жаштар кубогуна катышар-катышпасы Индия командасы менен болгон беттештен көз каранды.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Азия кубогу 2022 мелдешине тандап алуу турунда Омандын футболчуларына 1:0 эсебинде утулуп калды.

Фуджейра эмирлигинде өткөн мелдеште Кыргызстандын дарбазасына гол акыркы мүнөттөрдө кирип кетти.

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы
© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза
Эскерте кетсек, Кыргызстан тандоо этабында Е тайпасына Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ), Оман жана Индия командалары менен таймашат.

24-октябрда ата мекендик команда оюндар өтүп жаткан талаа ээси БАЭ командасын 2:1 эсебинде утуп алган.

Жаштар континенталдык биринчилигинин финалдык бөлүгүнө 11 команда — өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана экинчи орунду ээлеген мыкты көрсөткүчү бар төрт команда чыгат.

Азия кубогу Өзбекстанда өтөт.

218
Белгилер:
Кыргызстан, футбол, Оман, Азия кубогу
Тема боюнча
Бишкектин "Дордой" футбол клубу Кыргызстандын чемпиону болду
Кыргызстан FIFA уюмунун жаңыланган рейтингинде эки сапка көтөрүлдү
Кыз төшөктө отурат. Иллюстративдик сүрөт

Жакшы жатып жай туруу үчүн эмне жеш керектиги айтылды

0
Ал азыкта уйкунун сапатын жакшырткан триптофан бар. Бул организмге эң негизги эки гормонду — серотонин менен мелатонинди иштеп чыгуу үчүн керек.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жер жаңгак майы жатар алдында жей турчу пайдалуу азыктардын бири. Бул тууралуу Америкалык диетологдор ассоциациясына шилтеме берип "Известия" жазды.

Жер жаңгак пастасында пайдалуу майлар менен белок бар, алар түнү бою курсакты ток кармайт. Диетологдор бул азыктын эки чай кашыгы эле 7 грамм белок менен 15 грамм пайдалуу май камтый турганын белгилеген.

Изилдөөлөр боюнча жер жаңгактын өзү жаман холестерин менен күрөшүп, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алат. Ошондой эле Е витамини бар, ал организмде аз болсо уйку начарлайт.

"Жер жаңгакта уйкунун сапатын жакшырткан триптофан бар. Ал организмге эң негизги эки гормонду — серотонин менен мелатонинди иштеп чыгуу үчүн керек", — деген диетолог.

Мындан сырткары, темир, марганец, фосфор жана магний минералдарына бай.

0
Белгилер:
жаңгак, май, уйку, диетолог
Тема боюнча
Диетолог суукта, локдаунда кантип салмак кошпой жүрүүнүн жолун айтып берди
Дарыгер күздөгү уйку басууну кантип жеңсе болорун айтып берди