Акжол Махмудовдун атасы: уулума алгач таарынып сүйлөшпөй койдум

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 22 жашка толгон курагында Олимпиада дүйнөсүнө дүрбөлөң салды. Грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмактагы кыргызстандык балбан Токио Олимпиадасында күмүш медаль утту. Бул өлкө тарыхындагы олимпиадалык экинчи күмүш байге болду.

Акжол кантип грек-рим күрөшүнө келип калган, ага ырдоого эмне себептен тыюу салынганын, балбандын таланттары жана анын качан үйлөнөрү тууралуу спортчунун атасы, жеңил атлетчи жана футболчу Мухамед Махмудов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Бозулан Ысаков менен маек курду.

— Мухамед мырза, эң оболу куттук айталы. Акжол Махмудовдун Токио Олимпиадасынан күмүш медаль алышы менен куттуктайбыз! Уулуңуз азыр кайда?

— Чоң рахмат! Ушу тапта Ысык-Көлдө эс алып жүрөт.

— Акжолдун финалдык беттеште жеңишти алдырганын кандай кабыл алдыңыз?

— Уулум, буюрса, эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы олимпиадалык алтын медалды утат деп дегдеп алган болчумун. Күмүш медаль алып калганына көңүлүм чөктү. Таарындым. Акжол бир нече жолу телефон чалса да трубканы көтөргөн жокмун.

Менин Акжолдон улуу эки балам да грек-рим күрөшүнүн чеберлери. Акжол эле эмес, балдарымдын баарына эле аябай кабатыр болом. Олимпиаданын финалын айтпай эле коёюн, Кыргызстандын чемпионатында жеңилип калышса да капа болом. Үч-төрт күн эч ким менен сүйлөшпөй коём. Табит да жоголуп, тамак да ичпей, кадимкидей ооруп калам.

© REUTERS / LEAH MILLISМухамед Махмудов: уулум эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы олимпиадалык алтын медалды утат деп дегдеп алган болчумун. Күмүш медаль алып калганына көңүлүм чөктү
Акжол Махмудовдун атасы: уулума алгач таарынып сүйлөшпөй койдум - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Мухамед Махмудов: уулум эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы олимпиадалык алтын медалды утат деп дегдеп алган болчумун. Күмүш медаль алып калганына көңүлүм чөктү

— Финалдагы беттешин каяктан көрдүңүз?

— Грек-рим курама командасы Токиого 27-июлда сапар алды. Андан бир күн мурун Акжолго трибунадан туруп дем-күч берем деген максатта Россиянын Японияга жакын чек арасы аркылуу жол тарткан болчумун. Токиого барарымды балама да, өлкөнүн спорт жетекчилерине да айткан эмесмин. Тилекке каршы, жолдун аралыгын, убакытты туура эмес эсептеп алыпмын, финалдык беттеш күнү Владивостокко жетип, ошол жерден көрдүм.

— Демек, балаңызды Олимпиада оюндарына өзүңүз узатпаптырсыз да.

— Ооба. Анын машыгуусуна, аракетине тоскоол болуп калбайлы деп Олимпиадага үч ай убакыт калгандан тарта байланышты токтоттук. Өзү чалганда гана сүйлөшүп жүрдүк.

Чынын айтсам, мен Акжолду бир да мелдешке узатып, же кайсы бир жарыштан келгенде тосуп алган эмесмин. Беш жыл мурда "Качан Олимпиаданын алтын медалын уткандан кийин гана сени мелдештерге коштоп барам" дегем. Ал айтканымдан кайта элекмин.

— Акжолдун күрөшкөнүн ар бир кыргызстандык демин ичине бекем катып отуруп көрүп, күйөрмандык кылды. Ата катары аябай толкундансаңыз керек?

— Акжолдун финалдагы беттешин толук көрө албадым. Улам экрандан кетип калып, кайра келип, карай албай жатып көрдүм. Бир карасам эсеп 2:1, Лёринцтин пайдасына болуп турат. Жанымдагылардан сурасам венгер балбаны Акжолду чийинден түртүп чыгарганы үчүн бир упайга ээ болгон экен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от AKULA (@akzhol__makhmudov)

— Ага чейинки кармаштарычы?

— 77 килограмм салмактагы балбандар чүчү кулак кармап, атаандаш жуптар аныкталгандан кийин эле Акжолдун финалга чыгарын сездим. Ошондуктан баштапкы беттештерин эч тынчсызданбастан көрдүм. Өзүм да ичимден башталышында Африка континентинин балбанына туш келсе экен деп тилек кылгам. Айтканымдай эле тунистик спортчуга чыгып, биринчи эле бөлүктө утуп салды.

Жараткандын буйругу экен, финалда жеңиш атаандаш тарапка ооду. Буга да шүгүр дедим. 22 жашында ушундай ийгиликке жетти. Демек, Акжолдун азыркы деңгээли күмүш медаль экен деп өзүмдү жооткоттум.

— 2018-жылы да Азия оюндарында Акжол алгачкы эле этапта кореялык Олимпиада чемпиону Ким Хон Ву менен кез келди. "Акжол корей балбанын утат. 18 жашка жаңы эле чыкты. Эгерде жаштык кылып эле утулуп калбаса, чемпион да болушу ыктымал" деп айткан элеңиз. Ал да туура чыккан болчу...

— Биз спорттук үй-бүлөбүз. Азыркы тапта менин студент кызым да Акжолго ким башкы атаандаш экенин билет (күлүп). Азыр техниканын, интернеттин өнүккөн заманы. Каалаган маалыматты издеп таба аласың. Мен күнү-түнү балдарымдын камында жүрөм. Анын ар бир атаандашын, алардын жашоо-турмушу, машыгуулары, соцтармактагы посттору, айтор, аларга байланышкан ар бир маалыматты чогултуп жүрөм. Кимдин мүмкүнчүлүгү канчалык, негизги атаандаштары бири-бири менен кандай күрөшкөн, кантип жеңген, ким кара күч жагынан артыкчылыкка ээ, Акжолдун потенциалы кандай, ушулардын баарын бирден талдап чыгам.

© AFP / JACK GUEZМухамед Махмудов: калыстар Акжолдун аракетин, россиялык балбандын чабал күрөшкөнүн эске алышкан эмес. Ошондо баламдын жеңилгенине аябай ызалангам. Азыркыга чейин жүрөктө кара так болуп келе жатат
Акжол Махмудовдун атасы: уулума алгач таарынып сүйлөшпөй койдум - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Мухамед Махмудов: калыстар Акжолдун аракетин, россиялык балбандын чабал күрөшкөнүн эске алышкан эмес. Ошондо баламдын жеңилгенине аябай ызалангам. Азыркыга чейин жүрөктө кара так болуп келе жатат

— Акжол өлкө тарыхында экинчи болуп Олимпиаданын күмүш байгесин уткан балбан болду. Мелдештен келгенден кийин уулуңуз менен каяктан жолуктуңуз?

— Кыргызстандын курама командасын мамлекеттик деңгээлде тосуп алган иш-чарага жетишпей калдым. Россиянын Новосибирск шаарынан "Тамчы" аэропортуна билет алгам. Анын датасы туура эмес жазылып, Кыргызстанга бир күн кеч келдим. Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда турам. "Бишкекке келдим" деп Акжолго чалсам, ал машыгууда экен, чыгып келди. Мен унаадан түштүм, ал унаасынан түштү. Көчөдөн эле жолуктук. Кучакташтык, амандаштык.

Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчуларга арналган Ала-Тоо аянтындагы салтанаттын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Сүрөй албасак да сүйө алдык. Спорт державасына айлануунун жолу
"Уулум, сен азаматсың! Берген убадаңды аткара алдың. Бул күмүш байгең мен үчүн алтынга тете" дедим. "Күрөшкөнүңдү көрүп мен ыраазы болдум. Буюрса, 2024-жылдагы Париж Олимпиадасына өз салмагыңдын фаворити болуп барасың" деп кубаттадым. Акжол Олимпиада-2020 мелдешинен алтын утам деп кеткен болчу. Ошондуктан аны эми 33 жашка чейин күрөштү таштабайсың деп тамашаладым. Акжол Кыргызстан үчүн үч Олимпиаданын (Токио-2021, Париж-2024 жана Лос-Анжелес-2028) алтынын утат деп үмүт кылып жүрөм да.

— Акжолдун маанайы кандай экен?

— Кенже уулум да. Акжолдой балам болгонуна чексиз сыймыктанам. Атакем деп эркеледи. Маанайы суздай, Олимпиаданын алтын медалын ута албай калганына капа болгондой сезилди. Үйдө коноктор бар экен, ал жакка шашып, көп деле сүйлөшө алган жокпуз.

Эгерде алтын медаль менен келгенде башкача учурашып, таптакыр башка сезимдер болсо керек эле...

— Спорт бул таймаш, анда жеңиштер менен кошо жеңилүү болот. Акжолдун азыркы деңгээлге жетишине чейин да далай жеңиш менен кошо ийгиликсиз мелдештери болду да. Балаңыздын кайсы утулганын аябай оор кабыл алдыңыз эле?

— Акжолдун ири мелдештерде утулган учурлары аз эле. Словакиянын Трнаве шаарында 2018-жылы өткөн 21 жашка чейинкилердин арасындагы дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Акжол россиялык Ислам Опиевге жеңилген. Эсеп 1:1 менен аяктаган. Акыркы аракетке артыкчылык берген эрежеге ылайык жеңиш атаандашка ыйгарылган. Акжол аны экинчи бөлүктө кубалап күрөштү. Ал кадимкидей качты. Калыстар Акжолдун аракетин, россиялык балбандын чабал күрөшкөнүн эске алышкан эмес. Ошондо баламдын жеңилгенине аябай ызалангам. Азыркыга чейин жүрөктө кара так болуп келе жатат. Акжол андан ири мелдештерде, финалдык беттештерде утулган учурлары болду. Бирок Опиевге жеңилгени акыйкатсыз болгону үчүн аны аябай оор кабыл алгам.

© Sputnik / Табылды КадырбековМухамед Махмудов: Акжол чемпион болгондон кийин аренада Кыргызстандын желегин желбиретип жатып, элдин арасынан мени издеген. Желекти жамынып алып бешинчи катарда отурган жериме басып келип, "мына, атаке, Азия чемпиону болдум" деген. Аябай сүйүнгөм. Ал сезимдерди сөз менен сүрөттөп бере албайм
Акжол Махмудовдун атасы: уулума алгач таарынып сүйлөшпөй койдум - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Мухамед Махмудов: Акжол чемпион болгондон кийин аренада Кыргызстандын желегин желбиретип жатып, элдин арасынан мени издеген. Желекти жамынып алып бешинчи катарда отурган жериме басып келип, "мына, атаке, Азия чемпиону болдум" деген. Аябай сүйүнгөм. Ал сезимдерди сөз менен сүрөттөп бере албайм

— Жеңилген беттештерин кайрадан көрөсүзбү?

— Жок, көрбөйм. Утулган беттешинин бирин да кайталап көргөн эмесмин. Көрө албайм. Анткени мен балам утулат деп элестете да албайм.

— Кайсы жеңиши үчүн маңдайыңыз жарыла кубандыңыз эле?

— 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия оюндарында чемпион болгондо аябай сүйүндүм. Кадеттер курагы болчу да. Жаштар арасындагы чемпионатта да күрөшө элек эле. Ошол курагында чоңдор арасында Азия чемпионатын утканы мага аябай кубаныч тартуулаган. Анын үстүнө мелдеш Бишкектеги Спорт ордосунда өткөн. Атам, бир туугандарым, дагы жакындарыбыз болуп чогуу көргөнбүз.

Акжол чемпион болгондон кийин аренада Кыргызстандын желегин желбиретип жатып, элдин арасынан мени издеген. Азыр деле видеолорун таап көрсөңөр болот. Желекти жамынып алып бешинчи катарда отурган жериме басып келип, "мына, атаке, Азия чемпиону болдум" деген. Аябай сүйүнгөм. Ал сезимдерди сөз менен сүрөттөп бере албайм.

© Фото / из семейного архива Мухамеда МахмудоваАкжол Махмудов бир тууган агалары Бексултан, Сыймык жана карындашы Зулфия менен
Акжол Махмудовдун атасы: уулума алгач таарынып сүйлөшпөй койдум - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Акжол Махмудов бир тууган агалары Бексултан, Сыймык жана карындашы Зулфия менен

— Үч балаңыз тең грек-рим күрөшүнүн чеберлери. Акжолдун кандай артыкчылыгы бар?

— Балдарымдын баары өжөр. Бул сапат биздин каныбызда. Акжол аябай аракетчил, мээнеткеч бала. 

Уулдарым жеңилип калса, андан жыйынтык чыгарсын деп бир аз жаза колдоном. 2019-жылы бир мелдеште чоң уулум Бексултан, Сыймык жеңилип калды. Бишкектеги бизге акысыз машыгууга мүмкүнчүлүк берилген фитнес-зал бар. Анан кара күчтү бекемдегиле деп аларды залга алып барым камадым. Бир кезде Акжол да келди. Буту сынып, жаракат алган учуру болчу. Кезек менен 90 килограмм оордукту жатып алып көтөрөбүз. Акжол келди да баарыбыздан 10-15ке ашып кетти. Улам салмакты жогорулаткан сайын ал бизден ашыкча көтөрүп коюп жатты. Темирди көтөргөндөн кийин эс алып, кийинкисине киришесиң да. Акжол болсо ар бир айлампада оордукту көтөргөндөн кийин башка көнүгүүлөрдү да жасап жатты. Байкап отуруп, беш жолкусунда да отуруп эс алганын көргөн жокмун. Дене-булчуңу чарчабайт экен деген тыянакка келдим. Чарчаса да бат калыбына келет экен. Организминде ушундай артыкчылык бар.

— Жазалайм деп калдыңыз, Акжол 2020-жылы дүйнө кубогу мелдешинен олжосуз келгенде автоунаасын алып коюп, өзү менен такыр сүйлөшпөй койгон экенсиз...

— Дүйнө кубогунда 2017-жылдагы дүйнө чемпиону, сербиялык Виктор Немеш менен кармашып, жеңилип калды. Келгенде "сага унаада жүргөн али эрте экен" деп автоунаасынын ачкычын алып койдум. Анысын сатып эле жибердим. Жыйынтык чыгарганга чейин маршрутка менен эле машыгууга каттап турасың деп айрым учурда күнүнө үч маал машыгууга мажбурлаган учурларым болгон. Балдарымдын башкасына деле ушундай чара көрүлөт.

© пресс-служба ГАМФКиСМухамед Махмудов: балдарымдын баары өжөр. Бул сапат биздин каныбызда. Акжол аябай аракетчил, мээнеткеч бала 
Акжол Махмудовдун атасы: уулума алгач таарынып сүйлөшпөй койдум - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Мухамед Махмудов: балдарымдын баары өжөр. Бул сапат биздин каныбызда. Акжол аябай аракетчил, мээнеткеч бала 

— Бул мажбурлоо болуп калбайбы?

— Жок. Анткени азыр мамлекет аларга күрөшкөнү үчүн стипендия төлөп жатат. Жакшы өлчөмдө каражат бөлүнөт. Анын баары элден чогултулган салыктын эсебинен берилүүдө. Мамлекет болсо буларга ишенип акча төлөп жатат. Элдин ишеничин актай албаганды жоопкерчиликсиз мамиле деп билем. Ошондуктан талапты катуу коём. Бул мактаныч же элдин алдында жагынуу эмес, тарбия берүүдөгү принцип ушундай. Тартип катуу.

Улуу балам Бексултан учурда 26 жашта, азыр деле кечинде көчөгө чыкса менден уруксат сурап чыгат. Саат 23:00дө балдарымдын баары телефондорун чогултуп, мен жаткан бөлмөгө алып келип коюшат.

— Балдар социалдык тармактарга кирип, интернетке алаксып, күрөштөн оолактап кетпесин десеңиз керек.

— Жок. Эс алсын дейм. Балдарым күрөштү тандаган, бул алардын кесиби. Ошондуктан азырынча спорттон алыстаганга акысы жок.

— 2019-жылы Акжол Махмудов бутун сындырып алганда спортту таштайт экен деген сөздөр чыкты. Депрессия болду беле?

— Акжол спортту таштайт деген сөздү, чынын айтсам, биринчи жолу угуп жатам. 19-январь болчу. Эртеси мен үйдө болчумун, жакын достору көтөрүп кирди. Анын тизесиндеги алдыңкы байланыштыруучу сөөгү (передняя крестообразная связка) сынып кеткен экен. Бул спорттогу эң оор жаракат. Ага караганда кашка жиликтин сынганы оңой калыбына келип, бат айыгат. Акжол үчүн аябай оор сыноо болду. Бирок бутуна күч келбеген башка көнүгүүлөрдү жасап машыгуусун уланткан.

Кийин Германиядан операция жасатып, канчалаган айлардан соң буту калыбына келди.

Токио Олимпиадасында коло медаль уткан Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Элдин колдоосун сездим. Мээрим Жуманазарованын Олимпиададан кийинки алгачкы маеги
Бул жерде Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин ошол кездеги жетекчиси Канат Аманкулов, ошол кездеги агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын башчысы Жоомарт Шамкановго өзгөчө ыраазычылык айтып кетишим керек. Алар мага ар тараптуу колдоо көрсөтүштү. Канат мырза кабинетине чакырып, ошол эле күнү биринчи буйругу менен мамлекеттин бюджетинен операцияга жете турган 1,5 миллион сом каражат бөлүп берди. Бардыгы болуп мамлекеттин эсебинен 45 миң евро каражат берилген. Ал акча жетиштүү эмес болчу. Менде деле мындай ири суммадагы каражат жок эле. Досторум да салым кошуп, жалпы 50 миң доллар каражат чогултуп беришти.

Операция жасоо боюнча мага көптөгөн сунуштар келе баштады. Анын ичинде өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги чакырып, шаардык №4 ооруканасынан атайын палата даярдалганын айтышты. Дал ушул уулумдун салмагында күрөшкөн атаандаштарынын бири, эки жолку Олимпиада чемпиону, россиялык балбан Роман Власов өзү Акжолдун машыктыруучусуна чалып Новосибирск шаарынан операция жасоону сунуштаган. Алардын баарына ыраазычылык айтам.

Биз Германияны тандаганбыз. Анткени көпчүлүк белгилүү спортчулар, анын ичинде россиялык атактуу балбандар да ушундай жаракаттарын Германиядан дарылатканын билчүмүн.

© Sputnik / Табылды КадырбековМухамед Махмудов: улуу балам Бексултан учурда 26 жашта, азыр деле кечинде көчөгө чыкса менден уруксат сурап чыгат. Саат 23:00дө балдарымдын баары телефондорун чогултуп мен жаткан бөлмөгө алып келип коюшат. Тартип катуу
Акжол Махмудовдун атасы: уулума алгач таарынып сүйлөшпөй койдум - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Мухамед Махмудов: улуу балам Бексултан учурда 26 жашта, азыр деле кечинде көчөгө чыкса менден уруксат сурап чыгат. Саат 23:00дө балдарымдын баары телефондорун чогултуп мен жаткан бөлмөгө алып келип коюшат. Тартип катуу

— Акжолду канча жашында күрөшкө бергенсиз?

— Уулдарымдын баары Бишкекте төрөлгөн. 2005-жылы турмуш шартка байланыштуу Ош шаарында жашоого туура келди. Үй-бүлөбүз менен көчүп бардык. Ошол жылы Сыймык менен Акжол мектепке барышты. Экөөнү бир класска бердим. Балдар бакчасына да бир группага барышкан. Бири 1997-жылдын аягында, экинчиси 1999-жылдын башында төрөлгөн да. Ошон үчүн экөөнү эгиздей кылып бир класска киргизгем. Анан бош жүрбөсүн деп күрөшкө алып баргам. Шаарда биз жашаган аймакка жакын жердеги "Тимур Палван" спорттук клубу бар экен, ошол жерден машыгып баштаган.

— Сизди жакшы тааныйм, жеңил атлетикадан мыкты спортчусуз, футболчусуз. Анан уулуңуз кантип грек-рим күрөшүнүн балбаны болуп калды?

Токио Олимпиадасынын катышуучусу Каныкей Кубанычбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Каныкей Кубанычбекова: мени урушкандардын баарына ыраазымын!
— Мен 1986-жылы Араван районунун футболдук командасына чакырылып ойнодум. Кийин көп жылдык тыныгуудан соң уланттым. 2005-жылдары биздин райондун "Альфагир-Достук" деген республиканын Жогорку лигасында ойногон командасы болгон. Кийин демөөрчүлөр кызматташуудан баш тартышкан. Команданы сактап калуу үчүн аталышын уулумдан улам "Акжол" деп өзгөртүп, жардам бере баштадым. Клуб азыр деле бар, 2013-жылга чейин Түштүк лигада ойноп келди. Команданы сактап калуу үчүн ири каражат сарптап, ошондо футболдон пайда жок экенине ынангам. Негизи чоң спорт көп акчаны талап кылат. Ал эми футбол чыгымы андан да көп спорт экен. Анын үстүнө, эгер чындыкка тик карай турган болсок, бүгүнкү шартта Кыргызстандын футболдон дүйнө чемпиону болушу өтө кыйын. Ал эми күрөш, жеке таймаш спортторунан мүмкүнчүлүк болот экен. Ошону эске алып, уулдарымды күрөшкө катыштыргам.

— Башынан эле көзөмөл кылып, аябай шыктандырсаңыз керек...

— Акжолду күрөшкө алып барганда алгач Айбек аттуу машыктыруучу үйрөттү. Андан кийин Акбарали деген машыктыруучунун колунда тарбияланды. Уулдарым кандай гана мелдеш болбосун биринчи орунду ээлесе машыктыруучусуна 100 доллар, байгелүү орунга жетсе 50 доллар сый акы берчүмүн. Бул шыктандыруу максатында болчу.

Мен спорттун ышкыбозумун. Жеңил атлетикадан Барселона-1992 Олимпиадасына катышам деген кыялым болгон. Футболдон ири мелдештерде өлкөнүн намысын коргоп ойносом деп тилек кылчумун. Мен алардын бирине да жете алган жокмун. Ошондуктан өзүм жетпеген бийиктиктерге балдарым жетсин деп уулдарым үчүн баарын берем.

© Sputnik / Табылды КадырбековМухамед Махмудов: Акжолду күрөшкө алып барганда алгач Айбек аттуу машыктыруучу үйрөттү. Андан кийин Акбарали деген машыктыруучунун колунда тарбияланды. Уулдарым кандай гана мелдеш болбосун биринчи орунду ээлесе машыктыруучусуна 100 доллар, байгелүү орунга жетсе 50 доллар сый акы берчүмүн
Акжол Махмудовдун атасы: уулума алгач таарынып сүйлөшпөй койдум - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Мухамед Махмудов: Акжолду күрөшкө алып барганда алгач Айбек аттуу машыктыруучу үйрөттү. Андан кийин Акбарали деген машыктыруучунун колунда тарбияланды. Уулдарым кандай гана мелдеш болбосун биринчи орунду ээлесе машыктыруучусуна 100 доллар, байгелүү орунга жетсе 50 доллар сый акы берчүмүн

— Акжол олимпиадачыларды "Ала-Тоо" аянтынан тосуп алган салтанатта кыргыз элин биримдикке чакырган сөздөрдү сүйлөп, ал тургай, патриоттук ыр саптарды да айта кетти. Бул коомчулук тарабынан өзгөчө баага татыды. Акжолдун күрөштөн башка да кандай таланты бар?

— Акжол аябай жакшы ырдайт. Уккулуктуу үнү да бар экен. Канчанчы класста экени эсимде жок, 6 же 7-класста окуп жүргөндө бир салтанатта аябай жакшы ырдаптыр. Мен ошол күндөн тарта Акжолго, ага эле эмес, балдарымдын баарына ырдаганга катуу тыюу салгам. Себебин айтпайм.

Анан аянтта сүйлөгөнү боюнча... Бул биздин каныбызда бар. Ата-бабаларыбыз эл менен иштеп, эл алдына чыгып жүргөн кишилер болгон экен. Аянтта Акжолго көпчүлүктүн суранычы боюнча сөз берилбедиби, эч кандай даярдык жок эле эл алдына чыкты. Акжол сөзгө маани берген бала. Даярданып келсе дагы башкача сүйлөмөк.

Токио Олимпиадасынын медалдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Кыргызстандан эки эсе көп. Борбор Азиядагы Олимпиада жеңүүчүлөрүнүн сый акысы
Шахматты да жакшы ойнойт. Үчүнчү же төртүнчү класста окуп жүргөндө Ош шаарында шахмат боюнча ири мелдеште чемпион болуп, адистер баланы бизге бергиле деп келишкен. Үйдө шашки боюнча чемпионат өтөт. Акжол акыркы маалда мени да ута турган болду. Ал кыргыз күрөшүн да жакшы күрөшөт. Футболду мыкты ойнойт. Мен азыр футбол ойногонуна да катуу тыюу салдым. Жаракаттан кийин коркуп калат экенсиң.

— Соцтармактарда Акжолдун сүйлөшкөн кызы ким экенине, качан үйлөнөрүнө кызыккандар көп болгону айтылат...

— Мен балдарымдын жеке жашоосуна киришпейм. Талапты катуу койгонум менен таш боор эмесмин. Алар сүйлөшкөн кыздары тууралуу мага айтышпайт. Бирок кызым соцтармактардагы баракчаларынан таап алып мага көрсөтөт.

Улуу балам Бексултан азыр 26 жашка чыккан. 97 килограмм салмакта күрөшөт. Мен буга чейин эки уулум Олимпиадага барат деп үмүт кылып жүрдүм эле. Аны да Олимпиада оюндарына катышып келгенден кийин үйлөнтөм деп максат кылгам. Тилекке каршы, Бексултаным Кыргызстандын ичиндеги тандоо турунан өтпөй, бара албай калды. Эми быйыл буюрса аны үйлөнтөбүз. Анан кезек Сыймыкка келет. Кыргызда агасынын алдынан аттап өтпөйт эмеспи.

Акжол 2022-жылы өтчү Азия оюндарына (Азиянын Олимпиадасы) даярданат. Жогоруда айтпадымбы, 2018-жылкысында экинчи орун болуп калган. Буюрса быйыл жакшы көрсөткүчтү үмүт кылып турабыз. Анан, буюрса, Акжолду 2023-жылы үйлөнтөбүз.

© Sputnik / Табылды КадырбековМухамед Махмудов: Акжол аябай мекенчил бала. Ал мага "Ата, мен мекенимди сүйөм! Мага кандай гана акча сунушташпасын барбайм! Мен Кыргызстандын кулунумун, кыргызстандык бойдон гана калам" деп айткан. Ал эч жакка кетпейт
Акжол Махмудовдун атасы: уулума алгач таарынып сүйлөшпөй койдум - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Мухамед Махмудов: Акжол аябай мекенчил бала. Ал мага "Ата, мен мекенимди сүйөм! Мага кандай гана акча сунушташпасын барбайм! Мен Кыргызстандын кулунумун, кыргызстандык бойдон гана калам" деп айткан. Ал эч жакка кетпейт

— Казакстандагы атактуу грек-рим күрөшүнүн балбаны, учурда Азия күрөш дүйнөсү уюмунун башчысы Даулет Турлыганов Акжолго ири суммадагы стипендия, турак үй убадалап, Казакстанга алып кетем деп чакырганы, алтургай сизге да кайрылганы айтылган эле. Чын-төгүнүн өзүңүздөн угалы...

— Бул маалымат туура эмес. Даулет Турлыханов жеке мага айткан эмес. Мен ал кишиге жолуга да, учураша да элекмин. Бирок Казакстандын башка аймактарынын, анын ичинде Алматы, Чимкент облустарынын федерациялары чакырган. Алматылыктар үч бөлмөлүү батир, Акжолго үч миң доллар стипендия, менин өзүмө маяналуу жумуш, берки эки уулума да машыгуусуна мыкты шарт түзүп берүүнү убада кылышкан.

Түркиядан да чакыруу болгон. Менин жеке өзүмө айтышкан эмес, бирок ортомчулар аркылуу Акжолду Түркиянын намысы үчүн күрөшүүгө чакырышкан. Алар 200 миң доллар акча сунушташкан. Бул 2017-18-жылдар аралыгында болгон окуялар.

Бирок Акжол уулум аябай мекенчил бала. Ал мага "Ата, мен мекенимди сүйөм! Мага кандай гана акча сунушташпасын барбайм! Мен Кыргызстандын кулунумун, кыргызстандык бойдон гана калам" деп айткан. Акжол мекенчил, ал эч жакка кетпейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0